Алиярбек Абжалиев, депутат: “Менин жакын таанышым 12-мартта Сауд Арабиясынан келип, бардыгы менен жолугуп койду”

Обратите внимание на дату публикации.

Бүгүн, 18-март күнү Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Алиярбек Абжалиев жакын таанышы 12-мартта Сауд Арабиядан кичи ажылыктан келгенин айтты.

Депутат ал таанышы менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айтып, ал бардык тууган-урук, бардыгы менен учурашып, жолукканын айтты.

“Кечээ кечинде “Ак кеме” мейманканасына алып барып жаткарышыптыр. Ал жакта ызы-чуу болуп жатат. Мына Европадагы тоготпой, кайдыгер мамиле кылышып, бүгүнкү күндө эң кооптуу аймак ошол жак болуп жатат” – деди министр.

Ал бизде дагы тоготпогондой мамиле болуп жатканын айтып, абалды жакшылап карабаса болостугун белгиледи.

Источник: Кyrgyztoday