Коронавирус менен күрөштө Кытайдын демократтарга сабагы

Январда Кытай коронавирустун тарашын алдын алуу үчүн катаал чараларды жарыялаганда, көптөгөн баяндамачылар мындайды демократиялык өлкөлөрдө кайталоо кыйын болорун белгилешкен.

Кытайдан чаралары тууралуу айтканда, бүтүндөй Хубэй провинциясындагы (65 млн киши) карантин жана 10 күндүн ичинде курулган талаа госпиталдарын мисал тартса жетиштүү. Мына ушундай аракеттер аркылуу Кытай коронавирустун жайылышын токтотту. Дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө илдеттин тарашы эки аптада 13 эсеге өскөн.

Коронавирустун пандемиясы тууралуу жарыялаган Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчиси Тедрос Гебреисус бардык өлкөлөрдү тез арада чара көрүүгө чакырды.

Инфекция менен күрөшүүдөгү кытайлык тажрыйба демократиялык өлкөлөргө сабак боло алдыбы?

Кытайдын лидери Си Цзиньпиндин 10-мартта коронавирустун очогуна барышы кыйынчылыктын баары артта калганын көрсөтүү аракети болду.

Чынында эле эгерде расмий маалыматтарга ишенсек, илдетти жаңы жуктургандар саны кескин төмөндөдү.

Бирок Кытайдын тажрыйбасын башка өлкөлөр колдонушу өтө эле кыйын болот, дейт Нью-Йорктогу Эл аралык мамилелер кеңешинин илимий кызматкери Яньчжун Хуань.

"Мейли ал демократиялык же демократиялык эмес өлкө болсо дагы, коомго мынчалык терең жана натыйжалуу таасир этүү өтө сейрек,-дейт эксперт Би-Би-Сиге маегинде. - Эгерде демократиялык өлкө лидерлеринин кимиси болсо дагы кытайлык тажрыйбаны колдоном десе, анын бийлиги да, күчү да жетпейт".

Миландагы микробиология жана вирусология университетинин профессору, доктор Роберто Буриани болсо, коронавирус менен күрөшүү үчүн диктатуранын кереги деле жок дейт.

Италия Европа мамлекеттеринин ичинен эң катаал чараларды кабыл алган өлкө болду. 60 млн. калкы бар бүтүндөй өлкө карантинге алынды. Супермаркет менен дарыканалардан башка бардык дүкөндөр жабылды.

Коомдук иш-чараларга тыюу салынып, зарылчылык болбосо, кишилерди үйдөн чыкпай олтурууга эскертишти. Мектептер менен университеттер дагы жабылган. Кимдир бирөө жумуштап башка аймакка бара турган болсо, себебин түшүндүргөн документ көрсөтөт.

"Чынында эле диктатура орноп, тирандын ролун вирус аткарып жатат. Кол берип, өбүшүп учурашууга, достор менен бирге тамактанганга, концертке барганга тыюу салды. Эми ар бирибиз өзүбүздүн ролубузду ойногонго милдеттүүбүз. Бирок жеңиш күнү сонун болот",-деп жазды доктор Буриани "Твиттер" баракчасына.

Дүйнөлүк салматтыкты сактоо уюмунун жетекчисинин башкы кеңешчиси Брюс Эйлворддун пикиринде, өлкөлөрдөгү инфекцияга карата реакциялар ал жерде демократия же авторитардык режим экендигин аныктабайт.

Хубэй провинциясындагы абалды изилдеген Эйлворддун айтымында, дүйнө азырынча кытайлык сабакты үйрөнө элек.

"Кытайда биз кептин баары ылдамдыкта экенин көрдүк. Дем алуу органдарын сезгенткен вирусту жуктуруп алгандарды өтө тездик менен аныктап, аларды чектөөгө алып, аны менен байланышта болгондорду дагы таап чыгуу керек,-деди Би-Би-Сиге маегинде. - Калктын калың катмары дагы бул эмне экенин билүүсү зарыл. Эл кырдаалды туура баалап, мындай чараларды аткарууда бийлик менен кызматашууга барышы керек".

Доктор Эйлворд коркунуч алдында жөнөкөй кытайлык жарандардын өз эрки менен коллективдүү аракеттенгендерин көрүп, катуу таасирленгенин айтып берди.

"Кишилер эгерде жалпы аракетке өтпөсө, кесепети оор болорун сезип, бийликтен эмес, вирустан коркуп чогуу аракеттеништи. Бийлик максаттарды коюп, көрсөтмө берүүдө негизги ролду ойноду. Бирок чараларга чыны менен эле элдин баары жапа тырмак киришти",-деди Эйлворд.

Түштүк Кореянын бийлиги вируска каршы активдүү күрөшүүдө. Бирок карантин чаралары киргизилген жок. Өлкө вирусту жуктургандар саны боюнча төртүнчү орунда. Кытай, Италия жана Ирандан кийин Түштүк Корея.

Бийлик көчөдө эле жүз миңдеген кишилерди текшерүүдөн өткөрүүдө. Болжолдуу бейтаптарды мобилдик телефон жана спутник технологиясын пайдаланып, көзөмөлгө алууда.

Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин эпидемия коркунучу менен күрөштү чыныгы согуш деп атады.

Өлкөдө болжолу 50 млн чамалуу киши жашап, Италиянын калкына чамалайт. Бирок карантинге 30 миң гана киши киргизилген.

Ошондой болсо дагы жаңы жуктургандар аз каттала баштады. Маселен 13-мартта 110 жаңы учур катталды. Бул эки апта мурункуга салыштырганда, эң төмөнкү көрсөткүч. Жаңы бейтаптарга караганда, ооруканадан айыгып чыгып кеткендер саны көбөйдү.

Профессор Хуандын пикиринде, бийлик бир эле вирусту токтотуп калуу эмес, ошол эле маалда экономиканы дагы сактап калууга күч үрөп жатат.

Сеул эпидемияны жайылтпоо үчүн агрессивдүү аракеттер менен экономикадагы жоготуулардын ортосундагы тең салмактуулукту сактоо зарыл экенин жакшы түшүнөт, дейт эксперт.

Анын айтымында, Кытай тарабынан көрүлгөн айрым "ажыдаар чаралар" башка көйгөйлөрдү дагы жаратты. Айталы, Ухандагы саламаттыкты сактоо системасына өтө күч келип (ашыкча жумуш жүктөлүп), шаардагы кишилей жоготуулардын саны өстү. Албетте, башка өлкөлөр мындай катачылыкты кайталагысы келбейт.

Кытайдын чаралары эпидемия менен натыйжалуу күрөштүн эталону боло албайт дейт профессор Хуань.

Ирандын коронавирустун очогу болгон Кум провинциясына толук карантин киргизген жок деп сындап жатышат. Өлкө бийлиги медициналык блокпостторду уюштуруп, кишилерди саякатка чыкпоого чакырды.

Сауд Арабиясы коронавирус көп катталган Эль-Катифге карантин киргизди. Жапонияда апрелге чейин мектептер жабылды. Ушундай эле чаралар Азиянын жана Жакынкы Чыгыштын башка өлкөлөрүндө дагы көрүлүп жатат.

ЮНЕСКО маалыматтарына караганда, 29 өлкөдө мектептер жана университеттер жабылып, 330 млн окуучу жана 60 млн студент сабактарын токтотту.

Европанын башка өлкөлөрү Италиянын артынан катаал чараларды кабыл алууга азырынча шашылган жок.

Британиянын бийлиги Италиядан келген жарандарын эки аптага өзүн изоляциялоого милдеттендирип жатат. Ал тургай күчкө салып карантинге жаткыруу боюнча мыйзам кабыл алышты. Бирок мектептер жабыла элек.

"Эгерде ири коомдук иш чараларга тыюу салуу натыйжалуу чара болсо, аны киргизет элек. Бирок азырынча бул биздин божомолдорго шайкеш келбейт. Биз илимий мамилеге катуу ишенебиз",-деди Англиянын башкы санитары доктор Женни Харрис.

Британ бийлиги ооруну жуктургандар саны көбөйт деп болжоп жатат. Өлкө мындайга даяр деди доктор Харрис. Ошондой эле Британия менен Италиянын саламаттыкты сактоо системасы эки башка экенин белгиледи.

Өз кезегинде Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчиси доктор Гебреисус пандемияны көзөмөлгө алса болот деп айтып, өкмөттөрдү өлкөсүндөгү саламаттыкты сактоо тармагынын чама-чаркына карап аракеттенүүгө чакырды.

Источник: Кyrgyztoday