Мечиттерде жума намазы убактылуу окулбайт

Баракелде -  Кыргызстандын аймагындагы мечиттерде жума намазын окууга убактылуу чектөө киргизилди. Бул коронавирус дартынын өлкөнүн аймагына киришин жана алдын алуу иш-чараларына байланыштуу. Өкмөттүн сунушу менен кабыл алынган мындай чечим тууралуу Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 17-мартта билдирди.

Муфтий Максатбек Токтомушевдин кайрылуусунда: «Кырдаал турукташканга чейин жума намазы убактылуу токтотулсун. Жума намазынын ордуна бешим намазы үйлөрдө окулсун.

Мечиттер жабылбайт, намаз убактысын билдирүү үчүн азан айтылып турсун. Беш убак намазды үйдө окуу сунушталат», - деп айтылат.

  • Буга чейин Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын аалымдар кеңеши мечиттерде жума намаздан тышкары массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салган болчу.
  • Муфтият 6-мартта түшүндүрүү иштерин күчөтүү менен республикадагы бардык мечиттерди таза кармоо, жайнамаздарды дезинфекциялоо жана калкка үзгүлтүксүз түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү баштаган.

Источник: Баракелде