Мухаммедкалый Абылгазиев: "Коронавирус коркунучу бизге жакындады"

Автор: Бактыгуль Султаналиева
SUPER.KG SUPER.KG
Обратите внимание на дату публикации.

Коронавирус коркунучу биздин өлкөгө жакындады. Мындай пикирди бүгүн, 16-мартта өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев маалымат жыйынында билдирди.

Өкмөт башчы коронавируска байланыштуу чараларды жүзөгө ашыруу жана инфекциянын өлкө аймагына киришин алдын алуу жана жайылышына жол бербөө күчөтүлгөн режимде иштеп жатканын айтты.

"Баарыңыздарга маалым болгондой, Казакстанда жана Өзбекстанда коронавирус жуктуруу фактылары катталды. Бул өлкөлөр менен негизги соода өнөктөштүк катыштыгыбыз бар болгондуктан, бизге таасирин берет. Вирустун Кыргыз өлкөсүнө келүү коркунучу жакындады десек болот. Ошого байланыштуу ыкчам чараларды күчөттүк. Текшерүү процесстери күчөдү", - дейт өкмөт башчы
 

Источник: super.kg