Коронавирус коркунучу: эл дүрбөлөңгө түштүбү же өзүн-өзү коргоо инстинкти иштедиби?

Автор: Канатбек Аскаров
Gezitter.org Gezitter.org
Обратите внимание на дату публикации.

Өткөн аптанын жума күнүнөн тарта Кыргызстандын базарларында, супермаркеттеринде эл азык-түлүктөргө кезекке туруп, мүшөктөп ун, күрүч, макарондорду, 5-10 литрлеп суу майларды алып тополоң эле түшүп жатып калды. Ал ортодо мурда 1450 сомдон сатылып келген бир мүшөк ундун баасы 1700-2000 сомго чейин көтөрүлдү. Аз алгандары 1 мүшөк ун алса, айрымдары 10 мүшөктөп унду үйлөрүнө басып койду.  

Анан эле интернеттеги социалдык түйүндөрдө элдин мындай дүрбөлөңгө түшкөнүн сынга алып, «Эл коронавирустан эмес, ачкачылыктан көбүрөөк коркот экен», «Ун менен майды денеге шыбап жатса коронавирус жукпайт экен» деген сыяктуу шакаба посттор пайда болду. Элди «паникага алдырбагыла, акчасы жок адамдарга да каралашканды унутпагыла» деп чын ниеттен кейигендери да болбой койгон жок. Айрымдар 2 килограммдык упаковкадагы ундун сүрөтүн коюп, «Мен ушуну эле алдым» дегендей өздөрүн өтө сабырдуу көрсөткүсү келгендер болду. Ырасын айтканда, ошол социалдык түйүндөрдө өтө акылдуу болуп, «мүшөктөп ун албагыла» деп жаткандар деле 1-2 мүшөктөн ун алып коюшуп, анан башкаларга акыл үйрөтүп жатышты. Анын үйүндө канча мүшөк уну бар экенин соцтүйүндөгүлөр текшермек беле?  

Эл эмне үчүн мындай дүрбөлөңгө түшүп калды? Биринчиден, Дүйнөлүк саламаттыктык сактоо уюму коронавирусту дүйнөдөгү пандемия деп атады. Демек, дүйнө жүзүн коркунучка кептеп жаткан бул эпидемиядан Кыргызстан сырткары калып калышы мүмкүн эмес дегенди эл түшүндү (Албетте, Кудай сактасын дейбиз). Бул вирус кеңири таркап кеткен мамлекеттерде жарандар үйлөрүнөн чыкпай жатып калганын да маалымат булактарынан окуп жатабыз. Үйдөн чыкпай жатып калганда, албетте азык-түлүккө күч келет.  

Экинчиден, Кыргызстандын ун жана ун азыктарын коңшулаш Казакстандан алат. Ал эми башка материалдык буюмдарды коңшулаш Кытай жана Өзбекстандан (басымдуу бөлүгүн) алабыз. Коронавирус Кытайдын Ухань шаарынан чыгып, дүйнөгө таркады. Коңшулаш Казакстанда 9 адам, Өзбекстанда 4 адам бул вируска чалдыкканы да кабарланды. Буга байланыштуу коңшулаш Казакстан, Өзбекстан менен чек аралар жабылып калуу коркунучу да болушу мүмкүн. Анан эл кантип паникага түшпөйт?  

Туура, буга чейин өкмөттөн Кыргызстандын азык-түлүк запасы жетиштүү экени айтылган. Бирок, ошону карапайым элге кеңири жете тургандай кылып, чечмелеп түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү керек эле да. Анан дагы ун ташыган, май ташыган ишкерлерге алдын-ала баа саясаты боюнча эскертүүлөр берилиши керек болчу. Кыргызстан толук карантинге алынып, бардык адамдар үйлөрүнөн чыкпай отурууга милдеттендирилгенде да, азык-түлүк саткан дүкөндөр иштей бере турганын, анда ун, май, күрүч сыяктуу азык-түлүктөр жетиштүү болорун өкмөт элге кеңири түшүндүрүү милдетин аткара алган жок. Көчөгө азык-түлүк алуу үчүн чыгууга уруксат берилерин да айтуу керек эле. Азыр коронавирустан катуу жапа чегип жаткан өлкөлөрдө ушундай көрүнүш.  

Бизде болсо качан гана «бир нерсе» кычап калганда чок баскандай секирип калмайыбыз бар. Элдин баары 2000 сомдон ун сатып алып койгондон кийин, кече 15-мартта Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаева борбор калаабыздагы ун азыктарын саткан базарларды, ишкерлерди кыдырып, бааны кымбаттаткандарга чара көрүлө турганын айтты. Ошто болсо шаар мэри чыкты. Анан түштөн кийин өкмөт башчы М. Абылгазиев көчөгө чыкты. Мына ушундай аракеттерди алар эл дүрбөлөңгө түшүп, ундун баасы 2000 сомго көтөрүлүп кеткенге чейин эле жасашса болбойт беле?  

Өкмөт бул ирет да алсыздыгын көргөздү. Бизде алдын-алуу чарасын көрүүнүн ордуна, артынан тазаламай аракетин көрүү адатка айланган, ошол адат калбай келет. Эл дагы бийликтен, өкмөттөн атадай камкордукту күтүү акылсыздык болоруна көздөрү жетип калган. Ошондон улам 13-14-15-май күндөрү кыргызстандыктар мүшөктөп ундарды алуу менен өздөрүн өздөрү сактоо инстинктин иштетишти. Бала-чакасынын ачка калып калышын каалашкан жок.      

Эл азык-түлүгүн үйүнө камдап алды. Эми деле башка алдын-алуу чараларын көрүүгө туура келет. Эми өкмөт ушул жагынан дагы-да кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзө бериши керек. Бул вирус адам баласынын организмине кандай жол менен кирип кетери да азыркыга чейин белгисиз. Азырынча айтылып жатканы – аба аркылуу, көз аркылуу (кол менен ушалаганда) да организмге кирип кете турганы айтылып келатат. Анан дагы бул вирусту жугузуп алган адам узак убакыт бою кадимки дени сак адамдай эле жашап жүрө бере турганы да коркунучтуу. Андыктан бул вирус көйгөй жаратып жаткан мамлекеттерден келгендерди карантинге алып жаткан аракеттер абдан туура аракет экенин белгилеп коюу керек.  

Дагы бир кейиштүү жагдай – ушул күнгө чейин бул оорунун вакцинасы табылбай келатканы болуп турат. Ал качан табыла турганын да эч ким айта албай турат.  

Биз үчүн кубанычтуу жагдай – Кыргызстанда ушул күнгө чейин бул вирус жуктурган бир дагы адамдын жоктугу (ушундай эле болсун). Демек, башка мамлекеттер бул эпидемияга каршы күрөшүүдө кетирген катачылыктарынан сабак алып, алдын-алуу чараларын күчөтүү зарыл. Анан дагы бул вирустун жаш балдарга жукпай турганы да чоң кубаныч.  

Кытай иликтөөлөрүнүн жыйынтыгы боюнча (45 миң вирус жуктурган адамды иликтөөдө) ооругандардын 81%ы жеңил болсо, 14%ы оор, 5%ы гана өтө оор абалда болгон. Демек, бул вирусту жеңип кетүү мүмкүнчүлүгү көбүрөөк экендиги да кубандырат.  

Кыргыздарга гана таандык дагы бир жагдай – коронавирус темасынан улам өлкөбүздө саясат темасы бир топ аркага жылып кеткени болду. Эмнеси болсо да бул апааттан элибизди Жараткан Кудай өзү сактасын! Кудай да сактанганды сактайт дейт, андыктан дүрбөлөң түшүп азык-түлүк жыйнаган элди күнөөлөбөй, аларга туура түшүндүрүү иштерин өкмөт мындан ары ишенимдүү түрдө колдоруна алышы керек.

Источник: media-center.kg