Кыргызстандыктар 8-марттан тарта Казакстанга ички паспорт менен кире албайт

Баракелде -  Казакстан Кыргызстандын жарандарына ID-карта паспорту менен Казакстандын мамлекеттик чек арасын кесип өтүүгө убактылуу чектөө киргизди. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Бишкек шаарындагы маалымат жыйында тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов билдирди.

Анын айтымына караганда, кечээ, 5-мартта Казакстандан расмий нота келип түшкөн. Анда казак тарап 8-марттан тарта Казакстандын мамлекеттик чек арасынан Кыргызстандын жарандарын ID-карта жана 16 жашка чыга элек балдарды туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен өткөрүүнү убактылуу токтото турганы маалымдалган.

Казакстандын өкмөтү мындай чечим коронавируска байланыштуу кырдаал турукташканга чейин деп кабыл алынганын билдирген.

«Казакстан менен чектешкен чек ара толук жабылбайт. Ички паспорт менен чек арадан өтүүгө убактылуу тыюу салынды. Жалпы жарандык паспорт менен өтүү керек», - деди Абдрахманов.

Источник: Баракелде