Бишкекте кызматтан кеткен актаминер «Догурунуп» кабинетинен чыкпай…

18 февраля 2020
Версия для печати

Кесиптик кошуундар федерациясынын жумуштан кеткен  төрагасы Мирбек Асанакунов майлуу сүттүү жумуштан кеткиси келбей, мурда ээлеген кызматтык ордуна кайра келип алды.

Мирбек Асанакунов өзү эле жөн келбестен бир топ милиция кызматкерлери менен келген. Бул кызматтык орун  талашка түшүп жаткан кезде Асанакунов кеткен кызматына ичи ачышып жатабы айтор, бул кызматтык орунду сатып алгандай эле “тайраңдап”, “абысындардай” орунду башкаларга бергиси келбей кызганып жаткандай көрүнөт.

Буга чейин Кесиптик кошуундар федерациясынын айрым кызматкерлери Асанакуновго ишенбөөчүлүк көрсөтүп кызматтан кетүү боюнча жыйындарды өткөрүп келишкен. Ага карабай мурдагы төрага кайра жумушка чыгып алганы, креслосун сагынгандыгынан кабар береби.

Эми эмнеси болсо да бул кызматка жеп ичпегени келсин.

Источник: fakt.kg