Шайлообек Дүйшеев Сапар Исаковду мактаганы үчүн акча алабы?

14 февраля 2020
Версия для печати

Жалпы кыргыз элине төбөсү көрүнгөн, «Кайдыгерлик» деген ыры менен убагында элдин баарын ыйлаткан Шайлообек Дүйшеев аттуу аксакал акын бар. Албетте, анын оргуштаган талантын сыйлайбыз. Жаман сөз да айткыбыз келбейт.
Бирок, бул акын агабыздын да көрпенделик деңгээлге түшүп кетмей жагдайы бир аза капа кылып келет. Ш. Дүйшеев «Азаттык» радиосунда иштээри баарыбызга маалым. Аталган маалымат каражаты АКШнын Мамдепинен каржыланары да жашыруун эмес. Анан ошол радио аркылуу Шайлообек агабыз «Басма сөзгө баяндама» жасайт.
Мындай баяндамасынын акыркы чыгарылышында ал учурдагы бийликке каршы иштеген басылмалардагы макалаларга кеңири токтолду. Нарындын Ат-Башысында курула турган болгон логистикалык борборго каршы маанайдагы макаланы да кеңири баяндап, ал логистикалык борбордун Кыргызстанга, кыргыз элине таптакыр эле пайдасы тийбей тургандай маанайды жаратты. Эгерде Шайлообек агабыз бул маселеге нейтралдуу көз карашты кармангысы келсе, анда ал логистикалык борбордун курулушу кыргыз экономикасына кандай оң таасир тийгизээрин, канча жумушчу орундарын пайда кыларын, экологияга зыянын тийгизбей тургандай заманбап технология менен куруларын кеңири түшүндүргөн макалалар жарыяланган басылмаларга да бир үңүлүп коет эле го.
Анан дагы ал «Ачык саясат» гезитинде мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду мактаган макалага да кеңири токтолду. Болбосо, дал ушул Сапар мырза Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо кытайлык ТВЕА компаниясынын кызыкчылыгын бир тараптуу колдогонун, эч кандай техникалык-экономикалык негиздемеси жок эле ТЭЦ модернизацияланып, натыйжада жабдуулар, кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы 2-3 эсе кымбат баада документтештирилгенин элибиз билип калбадыбы. С. Исаковдун өз чөйрөсүндөгү адамдардын жеке чөнтөгүнүн кызыкчылыгын көздөгөн ишинин айынан мамлекетибиз олчойгон зыянга учураганын Шайлообек агабыз деле билип турбайбы. Анан бир тараптуу эле аны мактаган макаланы радио аркылуу жалпы коомчулукка баяндап бергени эл аралык журналистиканын стандарттарына туура келеби? Же С. Исаковдун кыңыр иштери тууралуу кеңири жазган башка басылмаларды көрбөй жатабы? Тымызын коррупциялык берене менен соттолгон адамды мактаганы кандай?
Мурдагы президент А. Атамбаевдин убагында да Шайлообек агабыз «Басма сөзгө баяндама» аркылуу ал кездеги бийликтин оппоненттерин шыбаган басылмаларга көбүрөөк басым жасайт эле. Эмнегедир АШАнын бийлигинин туура эмес жасап жаткан иштери боюнча сын макалаларды жазган гезиттерди айланып өтүп кетчү. Ошондон улам «Атамбаевдин адамдары Дүйшеевге акча берип турат экен» деген да кептер чыгат эле.
Ал эми бүгүнкү күндө ал жалаң бийликтин иштерин сынга алган гезиттердеги макалаларды баяндап келет. Муну кандай бааласак болот, Шайлообек ага?! Же Атамбаевдин адамдары дагы деле каржылоосун улантып жатышабы? Элдин аксакалы болуп калган куракка келгенде кайсы бир жеке кызыкчылыктарын көздөгөн куйтулардын колундагы курал болуп берүү жакшы көрүнүшпү?

Источник: Тезкабар.орг