Мадумаровго баткендиктер эмнеге нааразы болуп турат?

14 февраля 2020
Версия для печати

Ушул жылы өтө турган парламенттик шайлоонун шаңы уйкуда жаткан бир топ саясатчылардын, «тирүүнүн өлүгүнө айланган» саясий партиялардын эртелеп «тирилишине» алып келди. Бири эл аралап, карапайым калктын ал-абалын сурап, жетишпеген турмуштарына кошо «кайгырышып» жүрсө, бири «менде ушундай жаңы идея болуп атат» деген пиар-жүрүштөрдү жасашууда.
Алардын арасында «Бүтүн Кыргызстан» аттуу атына заты төп келбеген партиянын лидери Адахан Мадумаров да бар. Бул «шалпык» саясатчы Россиянын Москва шаарындагы мекендештерибизге чейин жетип барып, адатынча бийликти шыбап, Кыргызстандын келечегине тим эле күйүп жаткандай түр жасап келди.
Бирок, эмнегедир өзүнүн кичи мекени Өзгөн районуна да бара албай жүрөт. Андан ары Баткен тарапка деги эле басып барайын деген ниети жок. Эмне үчүн андай экени деле түшүнүктүү болуп турса керек.
Биринчиден, Баткен облусунун жашоочулары «Адахан Мадумаров биздин алдыбызга келип эмне үчүн кыргызга тиешелүү 275 метр жерди тажиктерге өткөрүп берген документке кол койгонуна жооп берсин» деген талапты коюп келатышканына көп болду. Адахан мырза элдин сүрүнөн коркуп качып жүрөт. Ал эми өзүнүн туулуп-өскөн Өзгөн жергесинин эли да «Жер саткыч Мадумаровду эми эч качан колдобойбуз, мунун бардык күчү тилине гана чыккан экен» деген тыянак чыгарышканын буга чейинки шайлоонун жыйынтыктары тастыктаган.
Азырынча Мадумаровго алыскы Москвада жүргөн мекендештерибиз гана аздыр-көптүр ишеним артып турушкан сыяктуу. Себеби, алар анын чыныгы жүзүн алыста жүрүшкөн үчүн дагы деле жакшы билбей жатышат сыяктуу. Ошентсе да көпчүлүк Москвада жүргөн мекендештер бул саясатчынын сөзүнө турбаган, өзүнүн гана керт башынын кызыкчылыгын ойлогон, мамлекетти сатып жиберүүгө да даяр бузуку адам экенин билип калышты. Эми азыноолак калгандары да аны билишсе, Мадумаровдун өзүнүн үй-бүлөсүнөн башка шайлоочулары жок калат окшойт.

Источник: Racurs.kg