Коронавирусту жуктургандар жана көз жумгандар саны кескин көбөйдү. Себеби эмнеде?

14 февраля 2020
Версия для печати

Шейшембиде Кытайдын Хубэй провинциясында коронавирустан 242 киши көз жумду. Бул бир сутка үчүн өтө эле жогорку көрсөткүч.

Ошондой эле бир эле күндө Хубэйде 15 миңге чукул киши вирусту жуктуруп алган. 11 миллион калкы бар Ухань шаары Хубэйдин борбору. COVID-19 вирусу алгач ушул шаардан табылган. Бейшембидеги маалымат боюнча дүйнө боюнча коронавирусту жуктургандар саны 60 миңге жетти. Алардын 48 миңи Хубэй провинциясынан.

Дароо мындай чоң секирик болуп кеткенин адистер, оорунун белгилери байкалган кишилерди дагы тизмеге кошкону менен түшүндүрүүдө.

Шейшембиде көз жумган 242 кишинин 107сине гана расмий түрдө вирусту жуктуруп алганы тууралуу диагноз коюлган экен. Бирок ушул сан деле өтө жогорку көрсөткүч дейт дарыгерлер. Кытай бийлиги өлкө жарандарына коронавирусту жуктуруп алышы мүмкүн болгон коркунучту баалаган мобилдик тиркемени сунуштады.

Кытай коронавируска байланыштуу мобилдик тиркеме сунуштады

Тиркемеде жарандар акыркы эки аптада коронавирус табылган киши менен жакын мамиледе болгону же болбогонун, оорунун белгилерин тиркемеге көрсөтөт.

Тиркеменин колдонуучусун адистер "жуктуруп алуу тобокелчилиги бар экен" деп тапса, ага атайын сунуштар берилет. Үйдөн эч жакка чыкпоо, дарыгерлерге байланышып, коронавирус жуктуруп алган киши менен карым-катнашы тууралуу айтып берүү.

Мындай технология бийликтин жарандардын үстүнөн жүргүзүп жаткан көзөмөлүнүн масштабын көрсөтүп турат. Ошол эле маалда тиркеме аркылуу жарандарды байкоого алууну - бул коомдун кызыкчылыгы үчүн деп айтууга болот.

Тиркемени атайын QR-коду аркылуу көчүрүп алып, андан кийин мобилдик телефондогу номер аркылуу каттоо керек. Аты-жөнүн, дарегин, паспортун киргизет. Тиркемеге үч киши катталса болот. Бирок программа Кытайга чет өлкөдөн келгендер үчүн эмес.

Тиркемени бир нече мамлекеттик мекемелер жана China Electronics Technology Group сыяктуу мамлекеттик корпорациялар иштеп чыкты, деп кабарлады Синьхуа агенттиги. 

Кытайга чет өлкөдөн келгендер үчүн эмес

Кытай маалыматтык технология жана жасалма интеллект боюнча чоң секириктерди жасады. Кытайдагы интернет колдонуучулар жүз миллиондоп саналат. Алардын дээрлик көпчүлүгү интернетке мобилдик телефон аркылуу кирет. Өкмөт кишилерди жүзүнөн таанууга мүмкүнчүлүк берген түрдүү технологияларды, видео байкоолорду кеңири колдонуп келүүдө. Бул маселеде Кытай дүйнөлүк лидер саналат. Маселен, өткөн жылы 1-декабрдан тарта мобилдик кызматтарга кошулуу үчүн сөзсүз жүзүн сканерден өткөрүү эрежеси киргизилген. Бийлик кибермейкиндикте жарандардын кызыкчылыгын жана мыйзамдуу укугун коргоо үчүн ушундай чарага барып жатканын айткан эле.

Бийлик видео байкоонун дүйнөдөгү эң ири түйүнү Кытайда экенин айтып келүүдө. Кытай полициясы кылмышка шектүү кишини кармоодо жүздөн тааныган системаны колдонот.

Коронавируска байланыштуу мобилдик тиркемени көптөр азыркы кырдаалга пайдалуу болду деп баалады. Тиркеме инфекция жуктуруп алган киши менен бир жерде болгон кишилерди аныктоого жардам берет. Жакын катнашта болгондор дароо "ооруну жуктуруп алышы мүмкүн" делген топко кирет. Ошондой эле тиркеме бир учакта, поездде же башка транспортто чогуу келгендер тууралуу кабар берет. 

Кытай коронавируска 

Источник: Кыргызская служба Би-Би-Си