Вице-премьер Жеңиш Разаков жана топографиялык топтун мүчөлөрү Баткен облусунун чектеш айылдарынын жашоочулары менен жолугушууларды өткөрүштү

Автор: Жылдыз Джускембаева
SUPER.KG SUPER.KG
10 февраля 2020
Версия для печати

Вице-премьер Жеңиш Разаков жана топографиялык топтун мүчөлөрү Баткен облусунун чектеш айылдарынын жашоочулары менен жолугушууларды өткөрүштү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Баткен районунун Самаркендек айыл аймагынын Тескей аймагында, Чек-Дөбө, Терекзар аймактарынын тургундары менен жолугушуулар өттү. Анда тургундарга өкмөт тарабынан Тажикстан менен мамлекеттик чек араларды делимитациялоо боюнча жүрүп жаткан иштер, тажик делегациясы менен эки тараптуу жолугушуунун алкагында өткөрүлгөн иш-чаралар тууралуу айтып беришти.

Ошондой эле жергиликтүүлөргө чек ара маселесин Кыргыз мамлекети жана Тажикстандын ортосундагы бир нече жерден окшош жана аянты бирдей тилкелерди өз ара алмашуунун эсебинен чечүүгө болору айтылды. Жолугушуунун жүрүшүндө жергиликтүү жашоочулардын сунуштары угулуп, Тажикстан менен жер алмашуунун мүмкүн болгон варианттары талкууланды. Жергиликтүү жашоочулар менен талкуу аяктаган соң аймактарды алмашуу маселесин андан ары илгерилетүү боюнча макулдашылган аракеттер көрүлөт.

Айыл тургундары менен жолугушуунун жүрүшүндө Жеңиш Разаков тажик тарап менен өз ара жер алмашуу чек ара маселеси улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен гана чечилерин өзгөчө белгиледи. Ал туруктуулукту сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыздоо, чек ара аймактарынын калкынын социалдык-экономикалык маселелерин чечүү өкмөт үчүн артыкчылыктуу мааниге ээ экендигин айтты.

Кыргыз мамлекети жана Тажикстандын топографиялык топтору Баткен району менен Исфара шаарынын «Самаркандек» жана «Көк-Таш» тилкелеринин ортосундагы бир нече жерден окшош жана аянты бирдей тилкелерди өз ара алмашуу боюнча макулдашылган варианттарды иштеп жатышат.

Источник: super.kg