Садыр Жапаров Бакиевдер менен биргеликте 5 миллиард АКШ долларын кантип Кыргызстандан чыгарып кетти эле жана мында Чыныбай Турсунбековдун кандай байланышы бар?

Обратите внимание на дату публикации.

Акыркы эки жылдан бери Кыргызстанда коррупцияга каршы айыгышкан күрөш жүрүп жатканы маалым. Анын алкагында мамлекетке 1 миллиард 443 миллион сом кайтарылды. Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү мамлекеттик кызматы 758 миллион сом, Башкы прокуратура 427,5 миллион сом, ИИМ 7 миллион сом которду. Бирдиктүү депозиттик счеттон Чүй облусунда, Бишкек жана Ошто 15 мектеп жана кошумча окуу корпустарын куруу үчүн деп 2019-жылы 799,3 миллион сом бөлүндү. Демек, коррупцияга каршы күрөш кандайдыр бир деңгээлде натыйжасын бере баштады.
Бирок, мамлекеттик бийлик бардык күчүн жумшап жатканына карабай, мамлекетке өтө олуттуу зыян алып келген айрым адамдар дагы деле кылмыш жоопкерчилигине тартылбай келет.
Мына ушундай адамдардын бири кадимки Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков жана азыркы тапта абакта жаткан Садыр Жапаров болуп чыкты. Эске сала кетсек, азыркы тапта Садыр Жапаров «Мен элдин алдында акмын» деп эркиндикке чыгуунун түрдүү жолдорун издеп жатат. Көрсө, ал өзү айткандай таза эмес экен. Ошол сыяктуу эле Чыныбай Турсунбеков да жергиликтүү ММКлардын маалыматтары боюнча ири алдамчылык схемалардын башында туруп, анын арты менен банк жана заводдорго ээлик кылган тура.
Кече жакында эле Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты болгон, «Ысык-Көл» инвест банкынын негиздөөчүсү Болот Байкожоев маалымат жыйынын өткөрүп, 2007-2010-жылдары банктар аркылуу оффшордук зоналарга Кыргызстандан 5 миллиард доллар чыгарылып кеткенин айтып чыкты. Анын айткандарына караганда, мунун баары ошол убактагы бийликтин көз алдында эле жасалган, балким Улуттук банк жана Финансылык чалгындоонун унчукпай макул болгондугу менен коштолсо керек.
Көрсө, «Ысык-Көл» инвест банкы рейдерлик басып алуу менен тартылып алынган соң, таза эмес жол менен табылган акчаларды адалдоочу өтө чоң «кир жуучу» жайга айланып калган экен. Алтургай минутасына 20 миң банктык операция жүргүзө турган атайын программа да түзүлгөн. Ошону арты менен Наделдин командасы 2007-2010-жылдары банк аркылуу оффшордук зоналарга 5 миллиард доллар чыгарып кеткен. Адегенде акчалар банктар аркылуу жүгүртүлүп, андан кийин оффшорго чыгарылган.
Бул жерде Садыр Жапаровдун катыштыгын далилдеп турган факты бул – анын бир тууганы Райкүл Жапарова «Ысык-Көл» инвест банкына болгон рейдерлик баскынчылыктын башында турганы. Бирок, ал өзүнө карата соттун чечими чыкканга чейин эле мамлекеттен качып кеткен. «Ал жерде адамдардын байланышы аракетте болгон: Михаил Надель – Чыныбай Турсунбеков, Турсунбеков Садыр Жапаров жана Баикевдер менен мамилелеш болгон. Бул адамдар Кыргызстандын банк системасынын баскынчылыкка кабылышын камсыздашкан», — дейт Байкожоев.
Көрсө, Байкожоев «Ысык-Көл» банкы аркылуу Садыр Жапаровду каржылап турган, ал банкка бир тууганы Райкүл айымды башкы бухгалтер кылып алган. Ал кийин Байкожоевдин үстүнөн прокуратурага арыз жазган. Анын айтымында Чыныбай Турсунбеков да бул ишке аралашкан. «Ч. Турсунбеков банктын акцияларынын ээси болчу, бирок келишим боюнча акцияларды мага гана сата алмак. Бирок, 2007-жылы ал акцияларын Бакиевдин адамдарына сатты. Анан 2010-жылдагы революциядан кийин өзүн жабырлануучу катары жарыялаганга шашып, «Мени мажбурлап акцияларды сатууга аргасыз кылышкан» деген кыязда арыз жазды. Бирок, анын чыкыйына эч кандай пистолет такалган эмес», — дейт Болот Байкожоев.
Дагы бир жагдайды айта кетели, 2005-жылы Михаил Надель жетектеген «Азия Универсал Банк» аркылуу операцияларды жүргүзүүгө Россия тыюу салат. Ошондо ал Максим Бакиевдин катышуусу менен башка коммерциялык банктарды рейдерлик жол менен басып алуу боюнча операцияларды ойлоп табат. Биринчи кезекте алар «Ысык-Көл» инвест банкын басып алышат, кийин ошондой эле схема менен башка банктарды да тартып алышкан.
Мына ушул рейдерлик баскынчылык схемасы жана Кыргызстандан чыгарылып кеткен 5 миллиард доллар тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан милдеттүү түрдө текшерилиши керек. Анын катышуучуларына юридикалык баа да берилиши зарыл. Себеби, коррупцияга каршы күрөш компромисске барбай турган күрөш болушу шарт. Эгерде кимде ким мамлекетти тоногон болсо, коррупцияга аралашкан болсо, ал мыйзамдын катаалдыгын жон териси менен сезиши керек.

Источник: Тезкабар.орг