Коронавирус. Кыргызстанда 347 адам доктурдун көзөмөлүндө

Кыргызстанда эпидемиологиялык абал туруктуу, коронавирус жуктургандар катталган жок. Бул тууралуу 5-февралда Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, учурда ооруканаларда доктурлардын көзөмөлүндө 52 адам турат. Мындан тышкары, 295 адам жашаган жери боюнча медициналык көзөмөлдө. Баарынын абалы туруктуу.

Зарыл болсо жаткырганга ооруканаларда 280 орун даярдалып коюлган. Алардын 100ү «Торугарт», 100ү “Эркеч-Там” бекеттеринде, «Манас» аэропортунда 50, Оштун аэропортунда 30 орун.

Өпкөнү сезгентүүчү жаңы вирустун очогу Кытайдын Ухань шаары деп эсептелүүдө. Акыркы маалыматка караганда коронавирустан 490 адам көз жумду, ооруп жаткандардын саны 23 миң 600 адамдын тегерегинде.

Источник: govori.tv