Кыргыз паспорттору орусиялык сайттардын биринде сатылууда. Мамкаттоонун жообу

Автор: Бактыгуль Момбекова
SUPER.KG SUPER.KG

Кыргыз өлкөсүнүн эски үлгүдөгү ID-карталары орусиялык сайттардын биринде сатылууда. Мындай жарыя "PRAVABZ" сайтына жарыяланып, документтин баасы 15 миң рубль деп көрсөтүлгөн.

Анда ID-карталар каалоочулардын берген аты, фамилиясынын негизинде жасала тургандыгы айтылган. Эгерде паспорт жасатууну каалаган адам 3 миң рубль кошумча каражат берсе ID-карта машиналык-сканерлөөдөн канааттандырарлык деп чыгары дагы жазылган.

Мындан тышкары, дайымкы кардарларга документти дүңүнөн жасаткан ортомчуларга ID-карталардын маалымат жазылбаган үлгүлөрү сунушталары жазылган. Мындай үлгүдөгү документти саткандар кардарларга ID-карталар жасалма экенин эскертишет деп айтылган.
 

Мамлекеттик каттоо кызматынан жогорудагы сайтка жарыяланган билдирүү боюнча буларды билдиришти.

"Документтерди жасаган шылуун компаниялар, сайттар көп. Орусия мындай сайттар менен күрөшүп келет. Бирок шылуундар кайра эле ачып алышат. Биз мындай учурда расмий кат менен Орусиянын бийлигине кайрылабыз, алар чара колдонот.

Ал эми жасалма паспорттор менен Мамкаттоо берген паспорттор тышындагы ламинациясы менен айырмаланат. Азыр ламинациянын түрлөрү көп, бирок сапаты жагынан окшош эмес. Машиналык-сканерлөөдөн жана ультрасыя нурдан паспорттун жасалма экенин аныктоого болот", - дешти маалымат кызматынан.

Источник: super.kg