Кытайдан келген 12 студентте коронавирустун белгилери жок, - министрлик

Обратите внимание на дату публикации.

Баракелде -  Бүгүн, 29-январга карата Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал туруктуу, коронавирус такталган учурлар катталган жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда атайын палаталарга 12 адам жаткырылды. Алардын баары Кытайдан келген кыргызстандык студенттер.

28-январда эртең менен Казакстан аркылуу Кыргызстанга Үрүмчү шаарынан 6 кыргызстандык студент келген. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, алар Үрүмчү шаарындагы Синьцзян университетинин студенттери.

«6 адам Ысык-Ата аймактык ооруканасына, 6 адам Москва аймактык ооруканасына жаткырылган. Студенттер медициналык кароодон өтүп жатышат. Алардын абалы канааттандырарлык, коронавирустун белгилери аныкталган жок», - деп айтылат маалыматта.

Маалыматта белгиленгендей, жугуштуу оорулардын стандарты боюнча вирус тараган жерден келгендер диагноз аныкталганга чейин тиешелүү лабораториялык изилдөөдөн өтүшү керек.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча (28-январга карата):

- дүйнө жүзүндө 4593 адам коронавирус жуктурганы аныкталды, алардын ичнен 4537 (98,8%) жаран Кытайда;

- 6973 адамга бул оору жуккан деп шектелүүдө, 976 (21,2%) адам оор абалда;

- 106 (3%) адам каза болду.

14 өлкөдө 56 учур тастыкталды:

1. Япония — 6 учур;

2. Түштүк Корея — 4 учур;

3. Вьетнам — 2 учур;

4. Сингапур — 7 учур;

5. Австралия — 5 учур;

6. Малайзия — 4 учур;

7. Таиланд — 14 учур;

8. Непал — 1 учур;

9. АКШ — 5 учур;

10. Франция — 3 учур;

11. Канада — 2 учур;

12. Германия — 1 учур;

13. Шри-Ланка — 1 учур;

14. Камбоджа — 1 учур.

Источник: Баракелде