Тайланддан келген жүргүнчү “Манас” аба майданынан ооруканага жеткирилди

Обратите внимание на дату публикации.

Бишкек шаарындагы Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына Тайланддан келген кыргызстандык жаран коронавируска шектелип жаткырылган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Рыспек Садыгалиев бүгүн, 28-январда шаардык кеңештин депутаттары менен жолугушуу учурунда кабарлаган.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык 1992-жылы туулган жаран Тайланддан 27-январда учуп келген.

«Аэропортто анын дене табы жогору экени аныкталган. Дарыгерлер аны жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырып, текшеришти. Кийинчерээк анын дарты аныкталып, башка ооруканага жаткырылды. Андан коронавирус аныкталган жок», – деп билдирген Рыспек Садыгалиев.

Источник: govori.tv