Чек арадагы Максат айылында 25 жыл жашаган айыл башчы: "Бишкекке келип "жашоо кандай сонун!" деп жатам"

Автор: Кызжибек Раимова
SUPER.KG SUPER.KG

Cапарали Адинаев Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылынын башчысы. Максат айылы Тажикстандын Согди облусунун Очкала айылы менен чектешет. Эки эл ортосунда жер, суу, жайыт таштанды дагы башка маселелер боюнча чыр улам-улам чыга берерин айылдыктар айтып жүрүшөт. Акыркы учурларда бул чыңалуу күч алып жатканын Адинаев 15-январда Бишкекте чек ара көйгөйү боюнча өткөн митингде айткан. 16-январда өкмөт өкүлдөрүнүн катышуусунда Баткенде координациялык кеңешме өтүп, анда Адинаевдин митингге катышкандыгы боюнча кеп болгонун "Турмуш" басылмасы жазып, анын видеосун жарыялады. Анда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков айыл өкмөт башчысынан айыл башчынын митингге катышкандыгы боюнча сураган. Айыл башчы Адинаев эмгек өргүүгө чыкканын, дарыланганы Бишкекке кеткенин айткан.

"Сизге тапшырма, Адинаев дарыланып келгенден кийин элди дүрбөлөңгө салып аткан жетекчилер бар, ошолор боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп, губернаторго сунуш бериңиз. Мамлекеттик саясатка, президенттин саясатына каршы чыккан жетекчилер болбойт, кандай чара көрөсүңөр карап чыккыла", - деди Жеңиш Разаков.

SUPER.KG порталы айыл башчы Сапарали Адинаев менен кыскача маек куруп бул тууралуу оюн укту. Мындан тышкары, чек арады абал боюнча айткандарын укту.

Адинаевдин айтымында, ал Бишкек шаарындагы музыкалык мектепте уулу окуйт. Баласы ооруп калгандыгына байланыштуу ал борборго келген.

"Жөн келген жокмун Бишкекке келе жатканда айылдын тургундары биргелешип, Жогорку Кеңештин депутаттарына, тактап айтканда Жанар Акаевге кат жазганбыз. Анда чек арадагы абал курч болуп жатканы, анын үстүнө Максат айылында эч кандай жеңилдетүүлөр жок экендиги жазылды. Айылда жумуш болсо, инфраструктурасы жакшы болсо, чек арадагы оор кырдаал болуп турганда бир тараптан ошол жеңилдиктер бизге күч бермек. Ошол катты көтөрө келдим. Анан митинг болорун угуп, оюмду, андагы көйгөйлөрдү айтайын деп ага катышып калдым. Бирок кеңешмеде бул аракетим сындалды. Кандай болсо да мен чындыкты айттым", - деди ал.

Сапарали Адинаев Максат айылында 13 жылдан бери айыл башчы. Өткөн жылы анын Тажикстандын чек арачылары менен кармашып жаткандагы видеосу интернетке тараган. Анда чыр Максат айылында базар курулуп, Тажик тарап буга каршы болгондон улам келип чыккан. Адинаевдин айтымында, чек арадагы айылда мындай кагылышуулар кайталанып тургандыктан ага туруштук берүү үчүн көп күч, туруктуулук керек. Тажик тарап менен болгон ызы чууларда дайыма активдүүлүгүн көрсөткөндүктөн аны коңшу жашаган тажиктер жакшы тааныйт жана аларды Адинаевдин каршылыктары кыжырдантат.

"Бир нече жолу келип, курал такап коркутуп кеткен учурлар да болгон. Мындан улам алар биздин өлкөнүн ичиндеги жаңылыктарды акмалап турат. Өз ара каршылашуу, териштирүү иштерин жүргүзсөк, алардын чырагына май тамат. Айылда 269 кожолук бар, абал кооптуу болгондуктан айыл эли интернетте бир группа түзгөнбүз, ошол жакка жаңылыктарды, күнүмдүк маалыматтарды бөлүшүп турабыз. Менин артымда айылдын 700дөн ашуун жашоочусу келечектеги тынч жашоого ишенип турат. Мен алардын ишеними үчүн да бул аракеттеримди улантам. Антпесе ызы-чуудан чарчадык", - деди айыл башчы.

"Чек ара" коомдук бирикмесинин юристи Асхат Осмонов Адинаев митингге эмгек өргүүсүндө жүргөндө катышкандыгын, бул эч кандай мыйзам бузуучулук эмес экендигин билдирди.

Видео


 

Источник: super.kg