Жээнбеков Бишкекти каптаган кара түтүндүн пайда болуу себептерин атады

25 декабря 2019
Версия для печати

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-декабрда маалымат жыйынын өткөрүп жатат. Анда акыркы убакта көп талкууга алынган Бишкекти каптаган кара түтүн тууралуу суроо берилди.

Өз кезегинде Президент жооп кайтарып, Бишкек шаарындагы экология маселеси көп жылдан бери айтылып келе жатканын белгилеп өттү.

“Акыркы убакта ички миграция көбөйдү. Шаардын четинде бир топ жаңы конуштар көбөйдү, кышында баары көмүр жагат. Зыяндуу заттар абага чыгып жатат. Экинчиден унаалар көбөйдү, менин маалыматым боюнча учурда 361 миңге жетип калган. Андан тышкары курулуштарга да көңүл буруу керек, шамал багытына ыңгайлаштырып, шаарды шамал аралагандай кылып куруу керек. Ошондой эле бак дарактарды көбөйтүү, кыйбоо маселесине да көңүл буруу керек. Ал эми кара түтүндү алдын алуу маселеси боюнча электромобильдерди алып келүү, чыгаруу маселесине көңул буруу жана шаар четиндеги жаңы конуштарды газга өткөрүү боюнча иштер кылынып аткарылып жатат. Мен бул маселе менен мэр менен да иш алып баруудамын”, – деди Жээнбеков.

Кошумчалай кетсек, маалымат жыйынына 188 журналист аккредитациядан өттү. Анын ичинен 160 журналист 77 республикалык ММКдан жана 28 журналист 15 чет элдик ММКдан.

Источник: govori.tv