Депутат: Бишкекке гүл эмес, бак-дарактарды тигүү керек

25 декабря 2019
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Баракелде Бишкек шаарына гүлдөрдү эмес, бак-дарактарды тигүү керек. Мындай пикирин депутат Айнуру Алтыбаева (КСДП) бүгүн, 24-декабрда Жогорку Кеңештин отун-энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин отурумунда билдирди.

Депутат Бишкек мэриясынашаарды жашылдандыруу боюнча системалуу программа керек деп эсептейт.

Бишкектин вице-мэри Мирлан Амантуров билдиргендей, 2020-жылы тилкелерге газон төшөө иштерине басым жасалат.

«Бак-дарактардын ортосундагы тилкелерге толугу менен газон төшөлөт. Ошондой эле бул жылы 10 миң түп бак-дарак отургузуп, өсүмдүк өстүрүлүүчү жайды (питомник) кеңейттик. Кийинки жылы 20 миң түп көчөт отургузууну пландап жатабыз. Бүгүнкү күндө питомникте 34 миң түп көчөт бар. Иштер концепция боюнча жүргүзүлүп жатат», - деди Амантуров.

Депутат экология маселесинин маанилүүлүгүн белгиледи.

Источник: Баракелде