Момбеков: «Ким менен баратканын, колун каякка салып алганын эмнеге чыгарасыңар?!»

12 декабря 2019
Версия для печати

ЖК депутаты Рыскелди Момбеков кайрадан «Коопсуз шаар» долбоору боюнча маселе көтөрүп, «Коопсуз шаар» конкретный долбоор эмес, коммерциалык долбоор экенин белгиледи.

«Бир жылдык убакыттан ичинде 1 млрд. сомдук айып пулдар салынса, анын 580 млн. сому төлөндү. Анын 90 %ын карапайым калк төлөп атат. Илгери төрт буттуу карышкырдан корккон кыргыздар азыр үч буттуу камерадан коркуп калышты. Элди жол белгилери кыжырдантып атат, мурда иш бөлмөмө келишкен таксисттер азыр үйүмө чейин барышыптыр. Өкмөт мыйзамда, токтомдо каралбаган жол белгилерин чыгарып, Өкмөт «Вега» концернине гана кызмат кылууда, элдин жонунан кайыш тилип атат. Ар башка жол белгилерин коюп алышып, МАИчилер элдин эсебинен «шабашка» кылышууда. Бир компаниянын кызыкчылыгын коргоп, мамлекеттин элинин кызыкчылыгын ойлоп коюшкан жок», — деди Р. Момбеков.

Мындан сырткары, эл өкүлү «Коопсуз шаар» долбоорунун коопсуз болбой жатканына токтолду.

«Буга чейин президент «Коопсуз шаар» долбоорунда жеке маалыматтар сакталышы керектигин айткан. А бизде жакында эмне болду? Мамкаттоо кызматынын төрагасы Мамбетов менен орун басары Туйбаевага байланыштуу жалган маалыматты чыгарып ийишти. Кимдин каякка баратканын, кандай машинеде, ким менен баратканын, колун каякка салып алганын эмнеге чыгарышат? Мен Мамбетовдун ордунда болсом «Веганы» 100 млн. сомго сотко бермекмин. Жарандардын жеке маалыматтарын чыгарбашы керек да! Бул «Коопсуз шаар» эмес «Жоопсуз шаар» долбоору болуп атпайбы! Айып пулдарды «Бакыт каты» деп атап алышыптыр. Атасынан башында бакыт катыбы?! Байларга, базаркомдорго бакыт каты болушу мүмкүн. Бирок карапайым калк үчүн карызды алып келген кара кагаз да!», — деди депутат.

Буларды айткан Рыскелди Момбеков жолдордогу туура эмес, мыйзамсыз жол белгилерин тез аранын ичинде алууну талап кылды.

Источник: fakt.kg