Музейдеги жылаӊач кыздар жана ага катышкан экс-президент Роза Отунбаева

Обратите внимание на дату публикации.

Жакында эле Гапар Айтиев атындагы сүрөт-көргөзмө музейинде “феминисттер” же аял-затынын укугун коргоочулары тарабынан сүрөт-көргөзмө иш-чарасы болуп өттү. Анда, аялдардын ич-кийимдери илинип, “аборт кыламбы ал өз ишим”, “мен кыздарды жакшы көрөм, лесбиянкамын”-деп жазышты.

Так ушул феминисттер ушул жылдын 8-мартында Бишкекте жүрүш кылып, Курманжан Датканын сүрөтүн пайдаланып, “мен төрөбөйм,” “мен чай куйбайм” деген нааразычылыктарын айтып чыгышкан болчу. Булар менен биргеликте ЛГБТ мүчөлөрү дагы жүрүшкө катышкан.

Орто Азиядагы биринчи гей-парадды жетектеп Рита Карасартова, Равшан Жээнбеков, Айбек Турдалиев, Улан Үсөйүндөр барышкан. Так ошол жүрүштөн кийин эле экс-президент Роза Отунбаева аялдардын форумун өткөрүп, мындай деп айткан:

“Жакында жыйынга катыштым, караӊгы түндөй болуп жалаӊ эркектер келиптир. Тим эле караӊгы түндөй болушуп”-деп эркектерди жек көрүп, гендердик теӊдик сакталбай жатканын феминисттик көз карашы менен билдирген.

Эми, ушул эле феминисттер, активисттер кайрадан активдешип, түрдүү иш-чараларды кезеги менен өткөрүп жатышат. Ширин Айтматова, Улан Үсөйүн жана ушул сүрөт көргөзмөнү уюштурган активисттер аркы жуманын дүйшөмбү күнү “РЕакция” деген митинг кылышкан. Андан соӊ эле ушул топтогу адамдар музейде жылаӊач денесин көрсөтүп, ич кийимдерин илип чыгышты. Так ошол иш-чарага экс-президент Роза Отунбаева дагы келип катышты.

Бул батышчыл көз караштагы атайын тыӊчылар тарабынан – кыргыз элинин улуттук дөөлөттөрүн, жаштардын аӊ сезимин бузууга багытталган диверсия экенин эл учурунда байкай алышты. Алгач, булар Кыргызстандагы коррупция жөнүндө маселе көтөрүп, элдин ишенимине кирип баштаган болчу. Бир аз колдоого алынып, элдин ишенимине кирип, өздөрүнө көӊүл бурдуруп баштагандан кийин эле негизги максаттарын башташты.

Роза Отунбаева, Ширин Айтматова, Рита Карасартова, Равшан Жээнбеков ж.б батышчыл агенттер мурдагыдан өзгөчө аракеттерди баштады. Жыл аягында көп кыймылдап калганы, жыл башындагы алган гранттарынын отчету болсо керек деп болжолдосо болот. Буларга өлкөдөгү окуялар, мамлекеттин келечеги көп деле кызыктырбайт, алар алган гранттарын гана актап жатышат.

Источник: tezkabar.org