Кыргызстандын 7 миллионунчу жараны качан төрөлөт?

31 октября 2019
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Баракелде -  2030-жылы Кыргызстандын 7 миллионунчу жараны төрөлөт. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда Улуттук статистика комитетинин калкты каттоо бөлүмүнүн башчысы Рима Чыныбаева комитеттеги иш-чара учурунда билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда калктын саны көбөйүп жатат.

«2015-жылы 25-ноябрда Кыргызстандын алты миллионунчу жараны төрөлгөн. Ал беш миллионунчу жаран төрөлгөнүнө 13 жыл болгондо жарыкка келди. Эгер калктын көбөйүү тенденциясы сакталса, анда 15 жылдан кийин Кыргызстандын жетинчи миллионунчу жараны төрөлөт», - деди ал.

------------------------------------------------------------------

2015-жылдын 25-ноябрында бүткүл кыргызстандыктар сүйүнүчтүү кабар укканбыз. Ушул күнү саат 18:12де Кыргыз Республикасынын 6 миллионунчу жараны болгон Айлин Кожошева Ош шаарындагы төрөт үйүндө жарыкка келген.

Источник: Баракелде