"Жаңы төрөгөн келиндер чаң залда, полдо жатышат". Интернет колдонуучу Чүй облустук төрөт үйүнөн сүрөттөрдү жарыялады. Министрлик эмне дейт?

Автор: Кызжибек Раимова
SUPER.KG SUPER.KG
20 сентября 2019
Версия для печати

Интернеттин Анара Акматбекова аттуу колдонуучусу баракчасына Чүй облустук төрөт үйүнөн сүрөт жарыялап, андагы абалга нааразы экенин жазды.

"Мен көргөн көзүмө ишенгим келген жок. Жаңы төрөгөн келиндер полдо жатат, бүт чаң. Бишкектеги №4-төрөт үйү оңдоп-түзөө үчүн жабылганын, бул иштер көпкө созулуп жатканын айтышууда. Мындан улам, батпаса да төрөй турган келиндерди Чүй облустук төрөт үйүнө жөнөтүп жатышат. Мындайды көз көрбөсүн, сөз менен айтуу кыйын", - деп жазган ал өзүнүн билдирүүсүндө.

SUPER.KG порталы бул боюнча өлкөнүн башкы гинекологу Раиса Асылбашеванын жообун укту.

"Ооба, биз жаңы төрөгөн энелерден мындай абал үчүн кечирим сурайбыз. Бирок бул бардык төрөгөн аялдар төрөт үйүнө кабыл алынгандан, чыкканча полдо жатат дегенди билдирбейт. Кээде керебеттер бошогонго чейин 2-3 саат ошол жерде жатып калышы мүмкүн. Чаң дегени туура эмес, биз кантип жаңы төрөгөн келиндерди чаң жерге жаткырабыз? Ал жерлерди тазалап, жууп турушат", - деди Асылбашева.

Ошондой эле ал шаардагы №4-төрөт үйү 28-сентябрда оңдоо иштери аяктап, кайрадан аялдарды кабыл ала баштай турганын айтты.

"№4-төрөт үйү шаардагы эң чоң мекеме болгондуктан, кош бойлуу аялдардын 80 пайызы ошол жерден көз жарчу. Бирок жыл сайын оңдоп-түзөө иштеринен өткөрбөсөк болбойт. Энелерге шарт түзүү үчүн суу дайыма чыгып турушу керек, жарык өчпөш керек, ашканасы таза болуп, операция жасалган жер талапка жооп бериши керек. Алдыда кыш келе жатат, жылуулук системин кароо зарыл. Ушул иштерди жүргүзүү үчүн биз аны 16-августта жаптык. Бирок 1 жума убакыт анда жаткан аялдарды биротоло дарылап, чыгарууга, айрымдарды башка төрөт үйлөргө которууга кетти. Азыр кош бойлуу аялдар нөөмөткө жараша шаардагы башка төрөт үйлөрүнө жөнөтүлүүдө. Аз убакыт калды, оңдоо иштери бүтсө эле мындай көйгөйлөр токтойт", - деди башкы гинеколог.
 

Источник: super.kg