Статистика комитети: Бала көп төрөлүүдө, көбү эркек

Обратите внимание на дату публикации.

Кыргызстанда баланын төрөлүшү боюнча демографиялык көрсөткүч өсүүдө. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Мекеменин демография бөлүмүнүн башкы адиси Жанара Мааткулова “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, мындай көрүнүш 2000-жылдан бери байкалып келет. Мисалы, быйыл алгачкы беш айда былтыркы жылдын ошондой мезгилине караганда 606 балага көп төрөлдү:

- 2019-жылы январь-май айларында 70 миң 18 ымыркай төрөлдү. “2018-жлы бул көрсөткүч 69 миң 412 болгон.

Мааткулова белгилегендей, эркек балдар көбүрөөк төрөлүп жатат. Пайыздык көрсөткүч менен эсептегенде кыздар 48-49, ал эми эркек балдар 51-52%.

Кыргызстандын жалпы калкынын саны алты миллиондон ашуун адам. 

Источник: Азаттык уналгысы