Turmush - Чоң-Алай районунун тургундары акысыз медициналык кароодон өтүштү. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Коомдук бирикменин колдоосу менен «Ден соолук кербени» деп аталган 9 дарыгерден турган мобилдүү топ Чоң-Алай районунун айылдарын кыдырып, жергиликтүү калкты акысыз медициналык кароодон өткөрүшкөн. Аларга райондук мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан керектүү шарттар түзүлдү.
Район боюнча жалпы 2 миң 974 тургун медициналык кароодон өткөн. Алардын ичинен 337 адам 14 жашка чейинки балдар болгон. Медициналык кароодон өткөн 822 адам ар кандай ооруга кабылганы аныкталды. Алардын 14 жашка чейинки 112 бала бар.
23 адамга райондук ооруканага жана 107 тургунга облустук ооруканага жолдомо берилди.
Чоң-Алайлыктар акысыз медициналык кароодон өтүштү (сүрөт)
![]() |
16 июля 2019
Версия для печатиОбратите внимание на дату публикации.
Источник: Turmush