Эмнеге айдоочулук күбөлүк берилбей калды? Бланктар түгөндүбү? Мамлекеттик каттоо кызматынын жообу

Автор: Бекболот Сарыбаев
SUPER.KG SUPER.KG
Обратите внимание на дату публикации.

Кыргыз өлкөсүнүн жарандары акыркы күндөрү айдоочулук күбөлүк берилбей жатканын айтышууда.

"Транспорт каражаттарын каттоо департаментинде 2-3 аптадан бери "айдоочулук күбөлүк үчүн бланктар түгөндү" деген шылтоо менен убактылуу күбөлүк берилип жатат", - дейт алардын бири.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, бланктар түгөндү деген маалымат туура эмес. Аталган мекеменин басма сөз кызматы SUPER.KG`ге учурда айдоочулук күбөлүктөр чет өлкөлөргө кете турган жарандарга гана берилип жатканын билдирди.

"Апрель айында айдоочулук күбөлүктөр үчүн бланктарды жасап берген компания менен келишим аягына чыккан. Ага чейин тендер өткөрүлүп, башка компания менен келишим түзүлүшү керек эле. Бирок жыл башында күчүнө кирген айрым мыйзамдагы өзгөрүүлөргө байланыштуу жаңы келишимдин түзүлүүсү кечигип жатат. Азыркы учурда калган бланктар чет өлкөлөргө кете турган айдоочуларга гана берилип жатат. Ал эми өлкө аймагында жүргөн айдоочулар үчүн убактылуу күбөлүктөр берилет. Бул күбөлүктөр болжол менен 2-3 айга, тактап айтканда, жаңы бланктар даяр болгонго чейин жарамдуу болот", - деди басма сөз кызматкери.
http://www.super.kg/kabar/news/274197/

Источник: super.kg