Кыргызстанда мектептеги мугалимдердин саны азайды

Обратите внимание на дату публикации.

Кыргызстанда бир жыл мурдагы кыскартуулардан кийин жалпы билим берүүчү мектептерде мугалимдер үч миңден ашык санга кемиди. Ошондой эле педагогдордун саны азайган тенденция орто жана жогорку кесиптик окуу жайларында да көрүнөт.

Ошол эле убакта мектепке чейинки билим берүү уюмдарында педагогдор саны көбөйдү. Анын себеби соңку жылдары жаңы ачылган бала бакчалар көп болуп жатканында.

Билим берүү уюмдарынын аталышы 2017 2018
     
Мектепке чейинки уюмдар 7151 7694
Жалпы билим берүүчү уюмдар 80773 77639
Атайын муктаждыгы бар балдар үчүн мекемелер 519 509
Башталгыч кесиптик билим берүү уюмдары 3610 3774
Орто кесиптик билим берүү уюмдары 7496 7179
Жогорку окуу жайлары 12145 11665
     

Булак: Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети

Кыргыз өкмөтү жаңы окуу жылынан баштап мугалимдердин эмгек акысын көтөрүүнү пландаштырууда. Бул жөнүндө президент Жээнбеков 11-апрелде Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө айта кеткен эле. Азыр тийиштүү органдар эсептөөлөрдү жүргүзүп бүтө элек, ошол себептүү педагогдордун эмгек акысы канчага көбөйөрү так боло элек.

Мугалимдер өздөрү эмгек акыны кеминде 30 пайызга көтөрмөйүнчө сезилерлик болбойт деп жатышат. Экинчи жагынан экономикадагы жакшыррак өсүш болбой, мамлекеттик казынада каражаттын өп-чап болуп жатканы да түшүнүктүү.

Источник: Кыргызская служба Би-Би-Си