Депутат: "Ар кандай социалдык төлөмдөрдү алуу үчүн төрөгөн аялдар да бар экен"

Автор: Мальвина Уметбекова
SUPER.KG SUPER.KG
Обратите внимание на дату публикации.

"Ар кандай социалдык төлөмдөрдү алуу үчүн төрөгөн аялдар да бар экен", - деп бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында депутат Садык Шер-Нияз билдирди.

"Аз төрөшсүн деген оюм жок, бирок төрөлгөн балдардын келечегин да ойлоо керек. Азыркы күндө тойго барсаң деле сөзгө калчу болбодукпу, мен "төрөбөсүн" деген мааниде айтып жаткан жокмун. Ар бир баланы төрөр алдында анын келечегин да ойлоо керек деген ойго кошулам. Мисалы, ар бир төрөлгөн наристе бала бакчага, мектепке барышы керек, тиешелүү шарттарда чоңоюшу керек.

Өлкөдө жумушсуздук, коңшу өлкөлөрдө эмгектенген жарандарыбыздын дээрлик жарымы оор жумуштарда иштеп жатат. Мен, албетте, бул мыйзам долбоорун колдоого чакырам", - деди депутат.

Комитет жыйынында Кыргыз Республикасынын "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери жөнүндөгү" мыйзамдын аткарылышына мониторинг инструментин бекитүү жөнүндө талкуу болду.
 

Источник: super.kg