Якутиядагы Кыргыз диаспорасынын төрагасы: "Якутск шаарында зордуктоого шектелген жаран этникалык казак болгон"

Автор: Айсалкын Качкынбекова
SUPER.KG SUPER.KG
Обратите внимание на дату публикации.

Якутск шаарында зордуктоого шектелген жаран этникалык казак болгон. Бул тууралуу Якутиядагы Кыргыз диаспорасынын төрагасы Жазыбек Бекболиев социалдык тармак аркылуу видеокайрылуу жасады.

Видеокайрылууда Жазыбек Бекболиев жалпы элден кечирим сурап буларды билдирген.

"Биздин мекендешибиздин кылган иши азыр катуу талкууга алынууда. Мындан улам мен жалпы элден кечирим сурайм. Жаман эл жок, жаман адамдар бар дегендей, мекендешибиздин ишин кантип атоону да билбей турам. Эми аны мыйзам өзү жазалайт. Ошондуктан улуттар аралык кастыкты болтурбоого чакырам", - деген ал өз сөзүндө.

17-март күнү кечинде Якутск шаарынын 200дөй тургуну Борбор Азиядан келген мигранттарга каршы митингге чыгышкан. Буга Борбор Азиядан келген 3 адам жергиликтүү тургунду күч колдонуу менен унаага салып кетип зордуктаганы тууралуу маалымат түрткү болгон.

Якутск шаарынын тергөө кызматы зордуктоо фактысы болгонун тастыктап, шектүү катары кармалгандардын бири Кыргыз жеринен барган адам экенин жана күнөөсүн моюнуна алганын кабарлаган. Ал эми дагы 2 адам кылмыш ишине тиешеси бар же жогу аныкталып жатканы айтылган.

Расмий маалыматтар боюнча учурда Орусиянын аймагында 640 миңдей Кыргыз жараны иштеп жүргөн болсо, анын 10 миңден ашыгы Саха Республикасынын аймагында.

Видео

Источник: super.kg