Азимжан Аскаров №1 тергөө абагынан №19 колонияга которулду

Обратите внимание на дату публикации.

мүр бою эркинен ажыратылган абактагы укук коргоочу Азимжан Аскаров №1 тергөө абагынан Сокулуктагы №19 колонияга которулду. Бул тууралуу “Бир Дүйнө” кыймылынын жетекчиси укук коргоочу Төлөкан Исмаилова билдирди.

“Мыйзамсыз турдө экинен ажыратылган 67 жаштагы укук коргоочу Ажимжан Аскаровду №1 тергөө абагында бийликтин калыс чечимин күтүп жаткан, туугандарына кабар бербестен Сокулуктагы №19 колонияга которушкан”,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров “Базар-Коргондогу 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган” деп соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Прокуратура жана сот органдары анын күнөөсү далилденгенин айтышкан.
Эки жыл мурун БУУнун Адам укуктары боюнча комитети аны камоо мыйзамсыз болгонун айтып, бошотууну талап кылган. Бул сунуштун негизинде Кыргызстандын соту ишти кайра карап чыгып, Аскаровго карата мурдагы чечимди өзгөртүүсүз калтырган.

Источник: govori.tv