Жашоого ыңгайлуу шаарлардын рейтингинде Бишкек 231 шаардын ичинен 206-орунду алды

Автор: Бекболот Сарыбаев
SUPER.KG SUPER.KG

 Жашоого ыңгайлуу шаарлардын рейтингинде Бишкек 231 шаардын ичинен 206-орунду алды. Бул тууралуу эл аралык Mercer консалтингдик компаниясынын отчётунда айтылат.

Маалыматка ылайык, рейтингдин сап башынан Вена шаары орун алса, 2-орунда Цюрих, 3-орунда Ванкувер шаары жайгашкан.

Алдыңкы ондукка кирген шаарлардын тизмеси:

  1. Вена - Австралия
  2. Цюрих - Швейцария
  3. Ванкувер - Канада
  4. Мюнхен - Германия
  5. Окленд - Жаңы Зеландия
  6. Дюссельдорф - Германия
  7. Франкфурт - Германия
  8. Копенгаген - Дания
  9. Женева - Швейцария
  10. Базель - Швейцария

Рейтингде Бишкек шаары 206-орунда жайгашкан. Коңшу өлкөлөрдүн ичинен Казакстандын Алматы шаары 177-орунду, Өзбекстандын борбор шаары Ташкент 203-орунду алган. Ал эми Ашхабад шаары 211, Душанбе шаары 215-орунга ээ болгон.

КМШ өлкөлөрүндөгү шаарлардын арасынан Москва 167, Киев 173, Санкт-Петербург 174, Минск 188, Баку 195-орунда жайгашкан.

Рейтингдин эң төмөн жагынан Йемендин Сане шаары, Борбордук Африка Республикасынын Банги шаары жана Ирактын Багдад шаары орун алып, жашоо үчүн эң ыңгайсыз шаарлар деп табылды.

Mercer компаниясы рейтинг түзүүдө шаарлардагы социалдык-экономикалык шарттарга, климатка, транспорт каражаттарынын, тамак-аштын, керектөө товарларынын, билим берүү жана медицинанын сапатына көңүл бурган.

Источник: super.kg