Депутат: "Кыргыз-Тажик чек арасында абал оор. Лейлек районуна барган жол жабык, "жүк 200дү" да өткөрбөй коюшуптур"

Автор: Мальвина Уметбекова
SUPER.KG SUPER.KG

 "Кыргыз-Тажик чек арасында абал оор, өкмөт "Коопсуз шаар" жана "Жаңы кодекстер" менен алектенип, мамлекеттин коопсуздугун унутуп калды", - деп бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таабалды Тиллаев айтты.

"Чынында, бүгүнкү күндө ал жакта кырдаал оор. Лейлек районуна барган жол азыр жабык. Азыр эле мага ал жактагы кошуналарыбыз билдиришкендей, "Жүк 200дү" да өткөрбөй коюшуптур. Өкмөт акыркы күндөрү "Коопсуз шаар" жана кодекс менен алектенип, мамлекеттин коопсуздугун, жарандарыбыздын бейкуттугун унутуп калды.

Мына өкмөттүн өкүлү отурат, мен бир ай мурун эртең жазгы талаа иштери башталат, ошол жерде маселелер көтөрүлөт деп айткам, бирок эч кандай иш-аракеттер жасалган жок. Тажикстан менен Кыргыз өлкөсүнүн чек арасы боюнча эч кандай аракеттер көрүлгөн жок. Комитеттерде бул маселе көтөрүлгөн, бирок палатада каралган эмес. Тиешелүү мекемелердин өкүлдөрүн чакырып, маалыматтарды угуу керек", - деди депутат.

Буга Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков: "Биринчи вице-премьер министр эртең менен Баткенге учуп кетиптир, түштөн кийин келип катышат. Тиешелүү маалыматтарды берет", - деди.

"Эл арасында ызы-чуу башталды. Эмне сүйлөшүүлөр болуп жатат? Өкмөт өкүлдөрү келип маалымат беришсин", - деп кошумчалады депутат.

Кечээ, 13-мартта Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдан улам 5-6 адамга таш тийип жаракат алышканы маалымдалган.
Видео

Источник: super.kg