Чек ара кызматы: "Кыргыз-Тажик чек арасында абал турукташа баштады"

Автор: Жамалидин Парманкулов
SUPER.KG SUPER.KG

Кыргыз-Тажик чек арасында абал турукташа баштаганын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады. Аталган мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Салкын Абдыкарыеванын айтымында, бири-бирине таш ыргытуу токтоп, эки өлкөнүн жарандары өз өлкөсүнүн аймагына киргизилди. 

"Учурда абал турукташа баштады десек болот. Таш ыргытуу токтоп, Тажикстандын жарандары өз өлкөсүнүн аймагына, ал эми биздин жарандар Кыргыз өлкөсүнүн аймагына киргизилди. Учурда ортодо чек арачылар аларды таркатуу аракетин көрүүдө", - деди Абдыкарыева.

Чыр болуп жаткан Орто-Боз айылынын тургундары бир адамга ок тийип ал ооруканага жеткирилгенин айтышууда. Бирок муну Салкын Абдыкарыева тастыктаган жок.

Мамлекеттик чек ара кызматы буга чейин Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыр чыгып, эки тарап бири-бирине таш ыргытышканын тастыктаган. Анда бир кыргыз жаранына таш тийип ооруканага жеткирилсе, саат 21:40тан баштап күчөтүлгөн тартип киргизилген.
 

 

Источник: super.kg