Кыргыз-Тажик чек арасы күчөтүлгөн тартипке өттү

Автор: Айсалкын Качкынбекова
SUPER.KG SUPER.KG

Кыргыз-Тажик чек арасында чыккан чырдан улам Баткен облустук чек ара бөлүмү күчөтүлгөн тартипке өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 21:40тан баштап күчөтүлгөн тартип киргизилген.

Мамлекеттик чек ара кызматы буга чейин Ак-Сай айылынын тургундары менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыр чыгып, эки тарап бири-бирине таш ыргытышканын тастыктаган. Мындан улам бир кыргыз жараны ооруканага жеткирилген эле. 
 

 

 

Источник: super.kg