«Коопсуз шаар»: Жөө жүрүүчүлөр дагы айыпка тартылат

14 февраля 2019
Версия для печати

Бишкенте жол кызматынын инспекторлору туура эмес жерден өткөндүгү үчүн жөө жүрүучүлөрдү айыпка тартат. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев бүгүн, 13-февралда журналисттерге айтып берди.

Айып пул 1000 сомду түзөт. Бул үчүн инспекторлор жарандын өздүгүн аныктоого жардам бере турган атайын планшет колдонушат. Сатыбалдиевдин айтымында механизмдер учурда даярдалып бүтүүгө аз калды.

Эскерте кетсек, 12-февраль күнү Кыргызстанда «Коопсуз шаар» долбоору ишке кирди. Жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочуларга айыппулдар тууралуу билдирүү келип турат.

 

Азырынча камералар Бишкектин төмөнкү даректеринде орнотулду:

 

Жибек Жолу — Жаш Гвардия Бульвары,

Жибек Жолу — Фучик,

Чүй — Фучик,

Чүй — Бейшеналиева,

Чүй — Жаш Гвардия Бульвары,

Бөкөнбаев — Абдрахманов,

Жибек Жолу — Абдрахманов,

Чүй — Курманжан Датка,

Москова — Абдрахманов,

Горький — 7-Апрель.

Источник: kabarlar.org