Кыргыз жаштардын үчтөн бири шариат менен жашоону колдойт

Фото: Айт-намаз в Бишкеке
Автор: Элеонора Сагындык кызы, корреспондент Би-Би-Си в Бишкеке
BBC. Кыргыз кызматы BBC. Кыргыз кызматы
12 февраля 2019
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

 Кыргызстандагы жаштардын дээрлик 34 пайызы шариат мыйзамдары боюнча жашаган мамлекетти колдойт. Дагы үчтөн биринин мамлекеттик башкаруу кандай болушу керектиги тууралуу так ою жок. Жаш кыргызстандыктардын 32 гана пайызы коомдун ашкере диндешүүсүнө каршы.

Ислам институту жаштар жана диний экстремизм темасындагы жаңы иликтөөсүнүн жыйынтыгын чыгарды.

Кыргызстандыктардын дээрлик үчтөн экиси ислам динин тутунаары айтылат. Бирок булардын ичинен бир далайы мусулманчылыктын айрым гана жөрөлгөлөрүн карманганы болбосо, беш маал намазга жыгылып, шарияттын шарттарын толук кармангандар эмес.

Бирок соңку жылдары дин кыргызстандыктардын жашоосуна терең сүңгүп аткандай.

Жума, айт намаздарга жык-жыйма чогулган эл, жылдан жылга орозо кармангандардын санынын өсүшү, балдарга түбү араб ысымдардын көп бериле башташы - мунун баары дин жашообузга барган сайын тереңдеп кирип жатканын далилдеп тургансыйт.

Айрым ата-энелер балдарын мектепке бербей, эмдетпей, кыздарын эртелей күйөөгө берген учурлар болууда.

Кыргызстанда эгемендик жылдары динге сугарылган жаңы муун өсүп келе жатат жана алардын радикалдашып баратканы көп суроо жаратууда.

 Мындан улам Ислам илимий изилдөө институту 29 жашка чейинки окуучу, медресе тарбиялануучулары, студент, иштеген жана жумушсуз жаштарды сурамжылап, күтүүсүз жыйынтыкка келди.

"Кыргызстандын шариат менен жашай турган өлкө болушун колдойт белеңиз?" деген саясий суроосуна жаштардын 33,33 %, үчтөн бир бөлүгү - "ооба", 34,34% "билбейм, бул суроо боюнча көз карашым жок" деп жооп берген. 32,32% каршы болгон.

Сурамжылоого жалпы 1050 кыргызстандык жаштар тартылган.

"Жаштар арасындагы светтик бийликке ишенимдин азаюсу дагы иликтене турган маселе. Иликтөөдө аныкталган шариат менен жашагысы келген жаштардын саны дагы өзгөрүшү мүмкүн. Ал биздин светтүүлүктү бекемдөө боюнча иш-чараларга байланыштуу болот. 34 пайызы арсар абалда турган жаштар менен иштешүүнун жол жобосу зарыл",-дейт Ислам изилдөө институнун директору Маметбек Мырзабаев.

Социологиялык сурамжылоого катышкан жаштардын көбү коррупция жана коомдогу адеп-ахлактын төмөндөшүн коомчулуктагы негизги маселе деп аташкан.

Мамлекетти талап-тоноо жана жемкорлук жаштарды радикалдуу идеяларга түрткөн негизги себептер болуп жатат. Кейиштүүсү, экстремисттик уюмдар жаштардын бул нааразылыгын өз кызыкчылыгына колдонуп, аларды өз тарабына тартып кетүүдө.

Кыргызстанда соңку он жылда диний лидерлер пайда болду, алардын бири Чубак ажы, анын дарстарына жаштар миңдеп катышат. Бирок Чубак ажы өзү буга чейинки маектеринин биринде светтик мамлекетте халифат куруу идеясын жайылткандар - динди түшүнбөгөндөр деген эле :

 "Биздин Баш мыйзамдын дээрлик 70 пайызы динге каршы келбейт. Адамдардын эркиндиги, укугу, тең укуктуулук маселелеринде айтып атам. Мен Текебаевдин өзүнүн колунан белекке алып, Баш мыйзамдын барын окуп чыккам. Динди түшүнбөгөндөр ошонун баарын жокко чыгара бергени туура эмес".

Соңку кезде кыргызчылыкты, теңирчиликти кармангандар менен ислам динин тутуучулардын ортосунда каршылык маанай күчөп бараткандай туюлат.

Кыргызчыл көз караштагылар ислам маданиятынын жайылышы менен улуттук каада-салт жоголуу коркунучунда деп коңгуроо кагып келишет.

Источник: Кыргызская служба Би-Би-Си