ИИМ Калыбек Элтуйбасов АКШда эмне үчүн кармалгандыгын айтты

Обратите внимание на дату публикации.

Бүгүн, 5-февралда Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев орун басарлары менен маалымат  жыйынын өткөрүп жатат.

Жыйындын жүрүшүндө, ИИМнин орун басары Мирлан Каниметов киши колдуу  болгон Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча күбөлөрдү эч ким кысымга албагандыгын билдирди.

“АКШда кармалган  Калыбек Элтуйбасов күбө катары гана кармалган. Калыбек Элтуйбасовго бир канча суроолор болгондуктан ал чакырылган”,-деди Мирлан Каниметов.

Мындан сырткары, Мирлан Каниметов экс-депутат Калыбек Элтуйбасов кылмыш иши боюнча эмес, миграциялык мыйзамдуулукту бузгандыгы үчүн АКШда кармалды деп кошумчалады.

Источник: fakt.kg