Кербен аэропорту май айынан тартып иштей баштайт

Обратите внимание на дату публикации.

Аксы районундагы реконструкцияланып жаткан Кербен аэропорту быйыл май айынан тартып ишке берилет. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков курулуш иштерин көрүп жатканда маалым болду. Былтыр бөлүнгөн 5 млн. сомдон ашык каражатка аэропорттун учуп-конуу тилкеси оңдолуп, 10 млн. сомго аэровокзалы реконструкцияланып жатат. Курулуш иштери март айында аяктап, май айынан тартып Кербен-Бишкек каттамы жүргүзүлө баштайт.

Кербен аэропорту облустагы Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорунун 300 миңге чукул калкын тейлейт. Төрага Дастан Жумабеков "Манас" аэропортунун Ош филиалынын жетекчилигине үзгүлтүксүз рейстерди камсыз кылууга жана авиа компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү алып барууга чакырды.

Аэропортту оңдоого "Манас" ААК каражат бөлгөн. 51 гектарды түзгөн Кербен аэропорту 1976-жылы курулуп, 1999-жылы акыркы жолу рейс аткарылган. 

Источник: Азаттык уналгысы