Алмазбек Токторов өзүн күнөөлүү сезбейт

Фото: Алмазбек Токторов
Обратите внимание на дату публикации.

Вице-спикер Мирлан Бакиров кечээ Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Баштапкы билим берүү агенттигинин өкүлү Талантбек Тынысовду катуу сынга алганы  боюнча түшүндүрмө берип, кечирим сурады.

Ал эми бул боюнча  депутат Алмазбек Токторовго  fakt.kg кайрылганда төмөндөгүлөрдү айтып берди.

“Мен өзүмдү күнөөлүү сезбейм. Видеодон көрсөңөр болот. бирок маалымат бурмаланып калган”- дейт депутат.

Эскерте кетсек, кечээ, 17-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Алмазбек Токторов менен вице-спикер Мирлан Бакиров   Баштапкы билим берүү агенттигинин өкүлү Талантбек Тынысовду катуу сынга алышкан. Депутат “Жогорку Кеңешке футболка кийип келиптирсиз” деп сындаса, вице-спикер Мирлан Бакиров Жогорку Кеңеш “базар” эмес экенин айтып, жыйындан чыгып кетүүсүн талап кылган.

Источник: fakt.kg