Кытайлык кыргыз: “Атам, агам, жеңем үчөөнүн дайыны жок”

Автор: Алтынай Тынышова
SUPER.KG SUPER.KG
Обратите внимание на дату публикации.

Бишкек шаарынын тургуну 27 жаштагы кытайлык кыргыз Жусуп Малик уулу 1 жарым жылдан бери атасы, агасы жана жеңесинин дайынын билбей келет. Ал жакындары тууралуу “кайра тарбиялоочу лагерде” деген гана кабар алган. Ошондон бери жакындарынын абалына сарсанаа болуп, тынчсызданууда.
Мен 5 жылдан бери Кыргыз жергесинде жашайм. 2017-жылдын июнь айында агамды, сентябрда атам менен жеңемди жүйөсүз “кайра тарбиялоочу лагерге” алып кетишкенин башка жеңем менен кабарлашып уктум. Учурда эркиндиктеги апам же дагы башка туугандарыбыз менен эч кандай байланыш жок. Ошондуктан, ал жакта жагдай кандай экени, лагерлерде канча кытайлык кыргыз бар экенинен кабардар эмеспиз. 
Кыргыз өлкөсүнүн аймагында мага окшоп жакындарынын дайынын билбей жүргөндөр көп. Бирок ачык айтышса, эркиндиктеги башка туугандары да лагерге алынып кетет деп корккондуктан, бул боюнча үн катпай келишет. 
Мен буга чейин жакындарымды “ана чыгат”, “мына чыгат” деген үмүт менен күтүп келгем. Ата-энем менен кат алышпай, алардын дайынын билбей жашоо кандай экенин сөз менен айтып жеткире албайм”,- дейт Малик уулу. 
Жусуп Малик уулу Кытайдын Шиңжаң-Уйгур автономиялык районунун Ак-Чий айылында туулуп, өскөн. 2013-жылы Кыргыз өлкөсүнө билим алуу үчүн келген Жусуп Малик уулу 2016-жылы Кыргыз жарандыгын алган.
 

Источник: super.kg