Саруу окуясы боюнча басма сөз жыйыны өтөт

Обратите внимание на дату публикации.

Бүгүн, 22-ноябрда Бишкекте “Намыс” саясий кыймылы 2013-жылы Кумтөргө байланышкан Саруу окуясы боюнча басма сөз жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

Басма сөз жыйынында 2013-жылы саруулук тургундардын камалганына ким күнөөлүү болгону жана өлкөдөгү саясий абал боюнча кеп болот.

Саруу айылынын тургундары Кумтөр алтын кенин мамлекеттештирүү талабы менен 2013-жылдын май айынан тартып митингдерди уюштура башташкан. Каракол шаарында болгон митинг ошол кездеги облус башчысы Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу менен коштолгон.

Окуянын уюштуруучулары кармалган соң 2014-жылдын февралында алардын жердештери камактагыларды бошотуу талабы менен Балыкчы-Каракол жолун буушкан. Ошол жылы мартта облустук милиция кылмыш ишин козгогон.

2017-жылы март айында Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Саруудагы жол тосуу, Тамгадагы электр чордонун ээлеп, өчүрүп салуу боюнча сот өкүмү чыккан. Окуянын уюштуруучусу катары Айбек Сарыбаев сегиз жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесилген. Калган жети адам шарттуу түрдө бир жылдан үч жылга чейин соттолгон.

Источник: Азаттык уналгысы