Нарын аэропортуна жаңы аэробекет курулат

Обратите внимание на дату публикации.

2018-жылы Нарын облусундагы аба майданына аэробекет комплексинин курулушун долбоорлоо чыгымдарын иштеп чыгуу боюнча конкурс өткөрүлгөн. Аэробекеттин курулушу чыгымдарды эсептеген документтер бүткөндөн кийин башталат. Бул тууралуу “Манас” аэропорту ачык акционердик коомунун басма сөз кызматы билдирди.

1964-жылы ишке кирген Нарын аэропортунда 1990-жылдардан тарта аба каттамдары токтоп калган. Бирок күндүз учактарды кабыл алууга уруксаты бар.

Мындан сырткары Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында айрым облустардагы аэробекеттерди модернизациялоо жүрүп жатат. Жалал-Абаддын "Казарман" жана Таластагы аба майдандар оңдолуп жатат.

Источник: Азаттык уналгысы