Камчы Көлбаев менен балдардан бассейн талашкан жарандын кандай байланышы бар (Видео)

Обратите внимание на дату публикации.

Интернет тармагына белгилүү кримтөбөл Камчы Көлбаев менен УКМКнын мурдагы кызматкери Иляс Амангазиевдин сүрөтү жарыяланды.

Жарыяланган сүрөт коомчулукта кызуу талкууга алынды. Кримтөбөл менен чекистин кандай байланышы бар экендиги белгисиз.

Эскерте кетсек,  УКМКнын мурдагы кызматкери Иляс Амангазиев Бишкектеги үйлөрдүн короосундагы бассейнде ызы-чуу  чыгаргандыгы үчүн кызматтан алынган.

Аталган кызматкер Панфилов көчөсүндө жайгашкан балдардын бассейнине түшөм деп ызы-чуу салган. Бассейн балдар үчүн болгондуктан кошуналары каршы болушкан.

Источник: fakt.kg