Башкы штаб эки колунан ажыраган жоокерге экинчи протезди алып берүүдөн баш тартты

Аскердик милдетин өтөп жүргөндө токко урунуп, эки колунан ажыраган жоокер Руслан Сапарбаевдин бир колуна жакын арада протез кийгизилет. Ал эми экинчи колу үчүн протезди жоокер өзү сатып алышы керек.  

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы билдиргендей, жакында Түштүк Кореядан протез жаатындагы адис келип, Сапарбаевди кароого алган. Адис кыргызстандык, бирок көп жылдан бери Түштүк Кореяда иштейт. Ал жоокерди карап, бир колуна бир жарым айдан кийин протез кийгизүүгө болоорун айткан.  

"Ал эми экинчи колуна протезди чоң арзандатуу менен беришмей болушту. Бир протездин баасы 30 миң доллар. Андай каражат бизде жок, ошондуктан биринчисин бекер алганбыз. Жоокердин экинчи колу башында кесилген эмес, кийинчерээк гана ириң чаап кеткендиктен кесилген", - дейт Башкы штаб. 

Источник: sayasat.kg