Кытайда кыргызстандык 17 адам соттолуп, экөө өлүм жазасына тартылган

30 октября 2018
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Turmush -  Кытайда кыргызстандык 17 адам соттолгон. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин отурумунда депутат Руслан Казакбаевдин («Республика – Ата Журт») суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандык 2 адамга өлүм жазасына тартылган. Жарандарды алмашуу жөнүндө макулдашуу керек. Анткени Кыргызстанда да камалган кытайлык жарандар бар.

«Бизде бул беренелер боюнча Кытайдын канча жараны соттолгон? Экстрадициялоо боюнча кандай иштер жүрүп жатат?», - деп сурады депутат.

ТИМ 2 жаран экстрадициялангандыгын билдирди.
 

Источник: Баракелде