Министр кызматына талапкер Улукбек Кочкоров депутат Аида Касымалиевага: "Мен кайда баратканымды билем"

Автор: Бектур Токтоноев
SUPER.KG SUPER.KG
25 октября 2018
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

“Министрликте буга чейин ызы-чуу болду. Талапкер катары көрсөтүлгөн Улукбек Кочкоровду угуп, сүйүнүп жатабыз" деди депутат Аида Касымалиева парламент жыйынында.

Ал Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде маселе көп экенин айтты.

Касымалиева: "Аталган министрдин орун басарларын сырттан эмес, ичинен тандасаңыз. Кесипкөйлөр иштеши керек. Буга чейинки министрдин орун басарлары аялдар болгону менен, гендерлик маселени чече алышкан жок. Мекемедеги коррупцияны кантип жоёсуз?”

Кочкоров: "Албетте, коррупция маселеси бар экен. Кызмат көрсөтүүнү электрондоштурууга аракет кылабыз. Иш алып барабыз. Ачык-айкындуулукка басым жасайм".

Касымалиева: "Бул министрликтин тузу оор. Таза иштеген адам ал министрликтен жогорулайт. Элдин, бей-бечаралардын батасы тиет. Жаман иштесе, аягы жаман аяктайт".

Кочкоров: "Мен кайда баратканымды билем. Кандай көйгөй бар экенинен кабарым бар. Ишеничиңерди актоого аракет кылам".

Источник: super.kg