Өкмөт жөлөкпул алуунун жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүүнү сунуштады

20 сентября 2018
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Депутат Зиядин Жамалдинов жөлөкпул алууну каалаган ата-энелер туш болчу кыйынчылыкты билдирди.  Айтымында, ата-энелер балдарына жөлөкпул алууд үчүн көптөгөн документ керектелет. Кеминде 9-10 документ топтошу керек. 

"Ага баарынын эле мүмкүнчүлүгү жок, тоскоолдуктар көп. Ошондон улам, жөлөкпул алуудан баш тарткан адамдар да бар экен. Өкмөт жарандарыбыздын жөлөкпул алуу жол-жоболорун жеӊилдетиши керек", - деди    депутат Зиядин Жамалдинов Жогорку Кеӊеш жыйынында. 

«Жөлөкпул алуу үчүн ветеринар, жер маселеси боюнча адис, салык кызматы сындуу мекемелерден маалымкат талап кылынат. Ошонун канчалык зарылчылыгы бар? Эмне, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен ата-энелеринин паспортторун эле калтырса болбойбу? Менимче, ушул документтер эле жетиштүү болмок. Ашыкча убаракерчиликтин эмне кереги бар?  Ошондуктан, Өкмөт жөлөкпул алуу жол-жоболорун жеӊилдетип берүү жолдорун иликтеп чыгып, жарандарыбыздын көйгөйүн чечиши керек», - деди депутат.

Источник: super.kg