Орусия кырсыкка себепкер болгон аскери үчүн кенемте төлөп берет

Автор: Талгат Мураталиев
Марал радиосу Марал радиосу
30 августа 2018
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Бүгүн, 29-августта Кыргызстандын тышкы иштер министрлигине Орусиянын Кыргызстандагы ишенимдүү өкүлү Вадим Чекмазов жана Кант авиабазасынын жетекчилигинен Андрей Янкин Лебединовка айылындагы жол кырсыгына байланыштуу чакыртылды. Жолугушууда министрдин орун басары Динара Кемелова орус тарапка нота жөнөттү. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.

Жолугушууда кыргыз тарап жол кырсыгындагы автоунаанын айдоочусу, Кант авиабазасында кызмат өтөгөн К.Азановду тергөө иштерине катыштыруу жана жабыркагандарга кенемте төлөө маселесин койду.

Орусия тарап жол кырсыгында каза болгон маркум Курманкалиеванын жакындарына көңүл айтып, айдоочунун тергөөгө катышуусун камсыз кылууга жана кенемте төлөп берүүгө даяр экенин билдиришти.

Эске салсак, 27-август күнү Чүйдүн Лебединовка айылында автоунаа үч жаштагы баласы менен кетип бараткан аялды сүзүп кеткен. Кырсыктан энеси каза болуп, бала оор жаракат менен ооруканага жеткирилген.

Источник: maralfm.kg