Памирлик кыргыздардын кайра келер-келбеси бүдөмүк

Автор: Бакыт Торогелди уулу
Марал радиосу Марал радиосу
22 августа 2018
Версия для печати
Обратите внимание на дату публикации.

Июль айында Ооганстанга кеткен Памирлик кыргыздар Нарынга кайра сентябрь айларында келээри айтылган. Алар Ооганстанда калган туугандары, үй-бүлөсү менен учурашып, күзүндө кайра келип, окуусун улантышмак. Бирок Памирге кеткендердин кайтып келиши азырынча арсар бойдон турат.

Абдилбаит Жээнбек уулу 2017-жылы Нарынга келген памирлик кыргыздардын бири. Ал учурда үй-бүлөсү менен Нарын шаарында Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда берген үйдө жашап жатат. Алты баласынын бешөөнө мамлекет жөлөк пул чектеп берип, айына 6 миң сомдон бир аз ашыгыраак акча алат. Абдилбаит бизге жайында Ооганстанга кеткен памирлик боордоштор менен сүйлөшүп тураарын, алардын айрымдары кайра Кыргызстанга келерин билдиргенин айтып берди.

— Кичи Памир менен байланыштык. Ал жакка кеткен эки бала бир айдан кийин келет. Экөөнүн тең аялы бар болчу. Атасы менен сүйлөшсөм жиберем деди. Ал эми Чоң Памирге эки үй-бүлө, жалпы 16 киши кеткен. Окуучу балдар дагы болгон. Алар менен кеткенден бери байланышыбыз жок. Келебиз дегинин уккан жокмун.

Маалымат боюнча ушул тапта Памирден келген беш үй-бүлө Нарын шаарында дагы эки үй-бүлө Кочкор районунда турат. Ал эми эки үй-бүлө жана кесиптик лицейде окуп жаткандар болуп баш-аягы 18 киши июлда Ооганстанга кеткен.

Жергиликтүү бийлик алар жакындары менен учурашканы кеткенин жана күзүндө окуу башталганда Кыргызстанга кайтышаарын билдирген. Бирок Памирге кеткендер кайра келеби бул тууралуу азырынча так маалымат жок. Өкмөттүн Нарындагы өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева мектеп курагындагы балдар Нарында эле экенин кабарлады.

— Бүт баары эле келебиз деп кетишкен.  Жайчыбек менен сүйлөшүп, бирөөсү эрте эле келет экен деп күтүп жатканбыз. Мектеп курагындагы 9 баланын баары эле Нарында калган. Эки үй-бүлө кеткен, алардын эки баласы Тоюнда менен Иманкожо бала-бакчага бармак. Калгандары чоң кишилер.  

Буга чейин Памирлик кыргыздар Нарында алар үчүн шарт түзүлбөгөнүн, жер бөлүнүп берилбегендиктен батирлеп жашап, анын ижара акысын төлөй албай кыйналып жатышканын айтышкан. Ушундан улам памирге кетүүгө аргасыз экенин жүйө кылышып, бул маселе Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлгөн.

Абдылгафар Абдырасул уулу Памирге кетүүгө камынып жаткандардын бири. Ал жетиштүү акча топтосо эле эртең деле кетип калууга даяр. Нарында касапканда мал союп иштеп жаткан Абдылгафар айына беш миң сом төлөп батирде жашап жаткан экен.

— Беш миң сомдон төлөп батирде турам. Айт бүткөндөн кийин Памирге кете турган болдук. Жер жок, үй жок болбойт экен. Акчамды батирге төлөп бүттүм, эми кетем. Азыр акчамдын баары батир менен эле тамак-ашка кетип жатат. Бул жакта жер, үй болбосо качанкыга чейин элден үй сурап жүрмөк элек.

Биз Кочкор районунда жашап жаткан эки үй-бүлөдөн дагы кабар алдык. Аталган кожолукта 9 киши бар экен. Алар дагы кыйналып жатышканын жашырган жок. Исламидин аттуу памирлик кыргыз менен сүйлөшкөнүбүздө өкмөт аларга берген тамак-аш түгөнгөнүн, кыш келатканына байланыштуу Памирге барууга туура келерин, кыштан чыккандан кийин Кыргызстанга келүү же Памирде калуу маселеси чечилерин кабарлады.

— Турмуш-тиричилик эми жашасаң жакшы эле. Мамлекет берген азык-түлүк дагы түгөндү. Мындан ары эми кандай болот билбейм. Жумуш дагы табылбайт. Мамлекет болсо тамак-ашты бергенине 5-6 ай болуп калды. Эгер бизге жер беребиз деп калышса калабыз да. Болбосо Памирге кетебиз. Кийин кайра келебизби аны көрөбүз. Кыш дагы келе жатат. Отун керек, үй керек дегендей. Ошондуктан кышты Памирге барып чыгарсак дейбиз.   

Ооганстандын Памир тоолорун байырлап калган кыргыздардын 33ү былтыр октябрь айында Нарынга алып келинген. Алардын айрымдары кесиптик билим алып, жаш балдар мектепте окуп жатышкан.

Источник: maralfm.kg