Бишкекте активисттер мэр шайлоого каршы митингге чыгышты

Обратите внимание на дату публикации.

Бишкек мэриясынын алдына ушул тапта айрым жарандык активисттер чогулуп, мэр шайлоо жараянына каршы нааразылык билдирип жатышат. Алар калаа башчылыгына шаардык кеңештеги Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын (КСДП) фракциясы гана талапкер көрсөткөнүн сындап чыгышты. Колдоруна шаардык кеңештин депутаттарына нааразылык билдирген жазууларды көтөрүп, алардын тарашын талап кылууда.

Элдин пикири менен эсептешүүнү суранган активисттер шаардык кеңештеги бир катар фракциялардын аталышы жазылган сөлөкөттөрдү да көтөрүп алышкан.

Ушундай эле талап менен алар 6-августта өкмөт үйүнүн алдында пикетке чыгышкан. Эгер 8-августка чейин талаптары аткарылбаса, ал сөлөкөттөрдү өрттөй турганын айтышкан.

Бүгүн депутаттар калаа башчысын шайлашат. Добуш берүү саат 9:00дө башталары расмий кабарланган.

Бишкек шаарынын мэринин кызматына Азиз Суракматов жалгыз талапкер болуп катталган. Анын талапкерлигин Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция көрсөткөн. Коалицияга кирбеген “Республика – Ата Журт” талапкер чыгарбай турганын билдирген. Атаандашсыз мэр шайлоо жараяны коомчулукта нааразы пикирлерди жаратууда.

Талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо максатында түзүлгөн комиссия Азиз Суракматовду бир добуштан "кыргыз тилин билет”деген чечим чыгарган. Бирок анын дилбаянында кетирген каталары социалдык тармакка тарап, шакабага айланды. 

Источник: Азаттык уналгысы